Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

ЖАК "Кыргыз инвестициялык-кредиттик банкы"

Маанилүү фактыларды жарыялайт: 

Пайыздык кирешелерди төлөө жана алтынчы чыгарылыштагы энчилүү пайыздык облигацияларды төлөө жөнүндө (KG 0206166918)

  • Төлөөнүн себеби – 2024-жылдын 16-декабрында пайыздык кирешени төлөө күнү жана 2024-жылдын 17-декабрында алтынчы чыгарылыштагы энчилүү пайыздык облигацияларды төлөө;
  • Баалуу кагаздардын түрү, категориясы жана формасы – жарактуулук мөөнөтү кыскартылган (мөөнөтүнөн мурда төлөө укугу менен) эркин жүгүртүүдөгү, энчилүү пайыздык, документсиз камсыздалбаган облигациялар;
  • Чыгаруунун мамлекеттик каттоо номери – KG 0206166918;
  • Жайгаштыруу баасы (номиналдык наркы) – 1000 сом;
  • Чыгарылган облигациялардын жалпы саны 161 154;
  • Бир облигацияга кирешенин суммасы жылына 12%. Төлөм формасы накталай акча болуп саналат.

Облигациялар алардын номиналдык наркы боюнча (1000 сом) накталай төлөнөт. Пайыздык кирешелерди алууга жана облигацияларды төлөөгө укугу бар облигацияларды кармоочулардын тизмеси 2024-жылдын 10-декабрына карата аныкталат. Пайызды төлөө жана энчилүү пайыздык облигацияларды төлөө Бишкек ш., Эркиндик бульвары, 21 дарегиндеги «КИКБ» ЖАКтын Башкы кеңсесинде жүргүзүлөт. Сурап-билүү тел: 62-01-01; www.kicb.net

KICB облигацияларынын алтынчы чыгарылышы Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция Министрлигине караштуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматы тарабынан 2021-жылдын 3-декабрында (KG 0206166918) катталган. .

Улуттук банктын №046 уруксаттамасы.