Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Кредит алууга өз алдынча тыюу коюу


Коргоо жана каржыдык алдамчылыктын алдын алуу максатында, 2025-жылдын 1-ноябрынан тарта Кыргызстанда кредитке өз алдынча тыюу коюу мүмкүнчүлүгү ишке кирди.

Бул кызмат акысыз «санарип кулпу» орнотуп, сиздин атыңызга финансылык уюмдар тарабынан кандай гана кредит же насыя болбосун тариздөөгө тыюу салууга жардам берет.

Кантип иштейт

Кредитке өз алдынча тыюуну коюу же алып салуу мамлекеттик электрондук кызматтар порталында же Tunduk мобилдик тиркемесинде каалаган убакта жана акысыз аткарылат.

Кызматты активдештирүү үчүн «Кредитке өз алдынча тыюу» кызматын тандап, кредиттик бюролордун бирин - «Ишеним» же «Сэйф энд Саунд» - көрсөтүп, аракетти тастыктоо керек. Тыюу дароо күчүнө кирет.

Муздатуу мөөнөтү

Тыюуну алып салууда 12 сааттык «муздатуу мөөнөтү» каралган. Ушул убакыт ичинде арызды жокко чыгарсаңыз, тыюу күчүндө калат. Бул аккаунтуңузга кирүүгө аракет кылган шылуундардан коргоодо маанилүү роль ойнойт.

Банктар кредитке өз алдынча тыюунун бар-жогун текшерүүгө милдеттүү.

Кредитке өз алдынча тыюуну ошол эле жерден алып салса болот - эгер арыз жокко чыгарылбаса, ал 12 саат өткөндөн кийин автоматтык түрдө өчөт.