Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

KICB Астрасенд акча которуу системасын кошту


Сиз Россиядан, Өзбекстандан же Кыргызстандан акча которо аласыз, ал эми которууну Кыргызстанда, Өзбекстанда, Казакстанда же Тажикстанда алса болот.

Которууну кантип жөнөтүүгө болот?

  • Которууну жөнөтүү үчүн KICBдин каалаган бөлүмүнө кайрылып, багытталган өлкөнү жана алуучунун документине ылайык (фамилиясы, аты жана атасынын аты) маалыматтарды көрсөтүңүз.

  • Төлөм жүргүзүлгөндөн кийин, сиз которуунун көзөмөл номерин аласыз. Бул номерди алуучуга бериңиз. Которуу кызматын жөнөтүүчү төлөйт.

Которууну кантип алууга болот?

  • KICBдин каалаган бөлүмүнө кайрылып, 10 цифрадан турган которуунун көзөмөл номерин айтыңыз.

  • Сиз күткөн акчанын суммасын, кайсы өлкөдөн жана кимден келгенин билдирип, күбөлүктү көрсөтүшүңүз керек болот.

Акча которууну Өзбекстандын банктарынын 200 бөлүмүнөн, Тажикстандын 750 бөлүмүнөн жана Казакстандын 50 бөлүмүнөн алууга болот. Эми жана 55 КИКБ бөлүмдөрү тез которуу кызматын да колдоно алат.

Маалымат:

ЖАК “Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы” (КИКБ) 2001-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы 23 миллион АКШ долларын түзөт. Банк республика боюнча 55 филиалы менен толук кандуу банк кызматтарын көрсөтөт.

Астрасенд – бул тез жана жеткиликтүү акча которуу кызматын көрсөтүүгө багытталган эл аралык төлөм системасы.