Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Акция! KICB SWIFT которуулары үчүн ыңгайлуу шарттарды сунуштайт


   KICB АКШ долларындагы SWIFT которуулар боюнча Citibank (АКШ) аркылуу комиссиялардын төмөндөгөнүн жарыялайт - бул дүйнөдөгү эң ири жана ишенимдүү эл аралык корреспондент-банктардын бири. АКШ долларын дүйнөнүн каалаган жерине төмөндөтүлгөн тарифтер менен которуңуз!

Эгерде сиз товарлар, кызматтар үчүн төлөмдөрдү жүргүзсөңүз же жөн гана балаңыздын чет өлкөдө окуусун төлөгүңүз келсе, KICBде АКШ долларындагы SWIFT которуусун колдонуңуз.
KICB же KICB Business мобилдик тиркемесинин кардарлары үчүн АКШ долларындагы чыгыш SWIFT төлөмдөрү боюнча комиссия 0,15%, ал эми банктын бөлүмдөрүндө которуу жүргүзгөн кардарлар үчүн комиссия сумманын 0,2% түзөт. Мында минималдуу комиссия 35 АКШ доллары, ал эми максималдуу комиссия 300 АКШ доллары.
Эми каражаттарды которуу мурдагыдан да тез, ишенимдүү жана жеткиликтүү болду.
Эске салабыз, Citibank аркылуу АКШ долларындагы SWIFT которуулар АКШ долларындагы жана дүйнөнүн дагы 75 валютасындагы которуулардын бардык артыкчылыктарын пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет.

Citibank аркылуу SWIFT которууларынын артыкчылыктары:

• Ылдамдык. Комплаенс талаптарына ылайык келген учурда, АКШ долларындагы төлөм алуучуга саналуу мүнөттөрдүн ичинде жетет.
• Үнөмдүүлүк. Citibank жана KICB ортосунда ортомчусуз түз байланыш бар, ошого жараша үчүнчү банктарга комиссия алынбайт.
• Глобалдуулук. Төлөмдөр дүйнөнүн 180ден ашык өлкөсүнө ар түрдүү валюталарда жүргүзүлөт.
• Көп валюталуу мүмкүнчүлүк. АКШ долларындагы эсептен каалаган валютада каражат которууга болот, алуучу аны автоматтык түрдө өз валютасында алат.
• Көзөмөл жана коопсуздук. Төлөмдү көзөмөлдөө тутуму каражаттардын кыймылын көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.

KICB кардарларга жөнөтүү жана алуу мүмкүн болгон валюталардын кеңири тизмесине жеткиликтүүлүк берет. Тутумдун алкагында белгилүү бир валютага жана багытка жараша чыгыш жана кириш которуулар мүмкүн.
KICB – сиздин ишенимдүү өнөктөшүңүз!

Маалымат үчүн:
«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАК (KICB) 2001-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы - 23 миллион АКШ доллары. Банк республика боюнча 55 бөлүмгө ээ болуп, банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтөт. КР Улуттук банкынын лицензиясы №046.
Citibank - чек ара аралык рыноктордо каржы институттары үчүн алдыңкы банктык өнөктөш, активдерди башкарууда глобалдык лидер жана АКШнын ички рыногунда жогорку кадыр-баркка ээ жеке банк болуп саналат. Citibank 180ден ашык өлкөдө жана юрисдикцияларда иш алып барып, компанияларга, өкмөттөргө, инвесторлорго, уюмдарга жана жеке жактарга каржылык продуктулардын жана кызматтардын кеңири спектрин сунуштайт.
www.citigroup.com