KICB жана ЕРӨБ Кыргызстандагы “Toyota Motor Corporation” расмий дистрибьюторунун кеңейишин каржылайт
KICB “Перекресток” Автоборбору ЖчК кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен кредиттик келишим түздү. Кредит компаниянын эффективдүүлүгүн арттырууга жана сатуу көлөмүн жогорулатууга багытталган.
Кредиттик келишимге кол коюу аземине ЕРӨБ Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча директору Нодира Мансурова, KICB төрөгасы Мистер Ариф Али Махмуд, ошондой эле Азия жана Кавказ боюнча ЕРӨБ Өндүрүш жана кызмат көрсөтүү Департаментинин аймактык директору Алмаз Тойгонбаев катышты.
“Перекресток” Автоборбору 2003-жылы Бишкектин түштүк тарабында автоунааларды оңдоо кызматтарын көрсөтүү жана техникалык тейлөө станциясы аркылуу тетиктерди сатуу ЖчК катары ачылган. 2012 –жылы компания Кыргызстандын аймагында Toyota маркасындагы унааларды сатуу боюнча эксклюзивдүү аймактык дистрибьютор болуп, “Toyota Motor Corporation” авторизацияланган дилерине айланган. 2020-жылы Lexus маркасындагы унааларды сатып баштаган.
Компаниянын өткөн жылкы ишинин жыйынтыгы боюнча сатуунун өсүшү байкалууда. Андыктан компания мындан аркы өнүгүшү үчүн жүгүртүүдөгү каражаттарды көбөйтүүгө муктаж.

