KICB билим берүү аркылуу Кыргызстан үчүн туруктуу келечекти түзүүдө
Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы (KICB) Кванг Янг Чой атындагы стипендиялык программасынын экинчи жылдык жыйынтыгын чыгарды. 2025–2026-окуу жылында өлкөнүн 13 жогорку окуу жайынан 20 студент банк тарабынан 1,3 миллион сомдон ашык көлөмдөгү каржылык колдоого ээ болду.
Эки жылдын ичинде жалпы 13 ЖОЖдон 36 студентке, анын ичинде аймактардагы студенттерге, жалпысынан 2,1 миллион сом жардам көрсөтүлдү
Бул стипендия таланттуу, бирок социалдык жактан аяр катмардагы жаштарды - каржылык жактан колдоого муктаж, ата-энесиз калган, толук эмес же көп балалуу үй-бүлөлөрдөн чыккан, мүмкүнчүлүгү чектелген жаштарды жогорку же орто кесиптик билим алууга колдоо көрсөтүүгө багытталган. KICB мындай кадам менен билим алууга умтулган, бирок мүмкүнчүлүктөрү чектелген жаштарды колдоо аркылуу алардын келечегине салым кошууга ишенет.
Белгилүү финансист жана KICBнин биринчи Башкармалыгынын Төрагасы болгон Кванг Янг Чой мырзанын урматына негизделген бул программа KICBнин алысты көрө билген жана жооптуу лидерлигинин үлгүсү болуп саналат. Банк үчүн билимге инвестиция - бул экономика менен коомдун туруктуу өнүгүүсүнүн негизи.
KICB үчүн билим берүүнү колдоо - бул аң-сезимдүү тандоо. Банк бул демилгени өзүнүн ESG саясаты жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарынын алкагында, атап айтканда, ТӨМ №4 - «Сапаттуу билим берүү» багыты боюнча ишке ашырат. Банк эл аралык принциптерди улуттук артыкчылыктар менен айкалыштырып, коом үчүн мүмкүнчүлүктөрдү жаратып, жооптуу бизнеске болгон ишенимди бекемдеп, Кыргызстан үчүн туруктуу келечектин пайдубалын түптөп келет.