KICB студенттерди Kwang Young Choi стипендиясы сынагына катышууга чакырат
KICB Кванг Янг Чой атындагы стипендияга документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 31-августуна чейин улантылып жатканын эскертет.
Бул стипендиялык программа 2024-жылы түзүлгөн жана жогорку же орто кесиптик билим алууга умтулган таланттуу жаш кыргызстандыктарды колдоого багытталган. Катышуу шарттары алдын ала банк сайтында жарыяланган. Азыр — арыз берүү үчүн эң ылайыктуу учур.
Кимдер катыша алат:
• Кыргыз Республикасынын жарандары (16–24 жаш);
• Абитуриенттер — 150+ ОРТ балл менен;
• Студенттер — 2–4-курстарда жогорку окуу көрсөткүчтөрү менен.
Эскертет кетсек, KICB Кванг Янг Чой стипендияны социалдык жактан аялуу жана финансылык жардамга муктаж, ата-энесинин камкордугусуз калган, толук эмес жана көп балалуу үй-бүлөдөн чыккан же ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген 16 жаштан 24 жашка чейинки таланттуу жаштарга колдоо көрсөтүүгө жана алардын билим алууга кеткен чыгымдарын жабууга багытталган.
Банк таланттуу жаштарга орто кесиптик жана жогорку билим алып, өз каалаган кесибине ээ болууга мүмкүнчүлүк түзүүнү максат кылат. Эгерде жогорку академиялык көрсөткүчтөр сакталып турса, программа стипендияны кийинки жылдарга узартууга мүмкүнчүлүк берет.
Толугураак маалымат менен банктын расмий сайтынан таанышса болот.
Маалымдама:Кванг Янг Чой – көрүнүктүү финансист, 2001-жылдан 2019-жылга чейин KICB Башкармасынын Төрагасы. Кванг Янг Чой мырза мыкты финансист гана эмес, кесипкөй банкирлердин бир нече муунун тарбиялаган шыктандыруучу лидер болгон. KICB банкын дээрлик 20 жыл жетектеп, өзүнүн билими жана зор тажрыйбасы менен KICB банкын Кыргызстандын финансы рыногундагы алдыңкы оюнчулардын бири, туруктуулуктун, ишенимдүүлүктүн жана инновациялардын символу кыла алган. Сеулдагы (Корея) Соган Университетинин Коммерциялык колледжин аяктап, банктык карьерасын Korea Exchange Bank (KEB) банкында баштаган жана ал жерде дээрлик 20 жыл, анын ичинде АКШдагы жана Англиядагы кеңселеринде иштеген.