Кайтарым байланыш

Даттанууларды жана сунуштарды
кароо тартиби

Урматтуу кардарлар!

Сиздин пикириңизди, даттанууңузду жана сунуштарыңызды ыраазычылык менен кабыл алабыз, анткени алар бизге өз ишибизди жакшыртууга жардам берет жана мындай жол менен сиз КИКБ ишин өркүндөтүү процессине өз салымыңызды кошосуз.

Сиз Банкка даттанууну же сунушту төмөнкүдөй жол менен бере аласыз:

  • Банктын каалаган бөлүмүндөгү Даттануулар жана сунуштар китебине даттанууну/сунушту киргизүү,
  • +996 (312/553/774) 620101, WhatsApp 0704 620101 номерлери боюнча күнү-түнү Байланыш борборуна кайрылуу
  • Банктын www.kicb.net расмий сайтындагы “Кайтарым байланыш” бөлүмү аркылуу кайрылуу,
  • Почта дарегине кат жөнөтүү: 720040, Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Эркиндик бул., 21,
  • KICB мобилдик тиркемесиндеги “Билдирүүлөр/ 24/7 Байланыш-борбору” бөлүмү аркылуу кайрылуу
  • Банктын бөлүмүнүн жетекчисине кайрылуу,
  • Банктын жетекчисинин жеке кабыл алуусу тууралуу өтүнүч менен Банкка кайрылуу.

Даттануулар менен иштөө кардарларды тейлөө сапаты бөлүмү тарабынан координацияланат.
Банкка түшкөн даттануулар башкы кеңседе катталат. Анонимдүү даттануулар (аты, фамилиясы, атасынын аты, байланыш маалыматтары көрсөтүлбөгөн) кароого кабыл алынбайт.
Даттануу түшкөндө кардарларды тейлөө сапаты бөлүмү даттанууну чечүүгө жооптуу адамды аныктайт, ошондой эле даттануу жөнүндө маалымат Банктын жетекчилигине жөнөтүлөт.
Даттанууну кароодо ички иликтөө жана даттанууну ар тараптуу талдоо жүргүзүлөт.
Жүргүзүлгөн иштин жыйынтыгы боюнча кардарга жооп даярдалат. Жооп берүү формасы (жазуу жүзүндө/оозеки) кардардын каалоосуна, айрым учурларда даттануунун мүнөзүнө жараша болот. Кардарга даттануу боюнча жооп банктын бөлүмү тарабынан кардарларды тейлөө сапаты бөлүмү менен, зарыл болгондо - Банктын жетекчиси менен макулдашылат.
Кардарларга жооп берүү мөөнөтү көп көлөмдөгү ишти талап кылган даттануулардан тышкары, 10 жумуш күнгө чейин түзөт.
Кардарга белгиленген мөөнөттө жооп берүүгө мүмкүн болбогон учурда, Банк кардарга жооп берүүнүн жаңы мөөнөтүн билдирет.
Кардарлардан түшкөн сунуштарды кабыл алуу жана кароо тартиби даттануулар менен иштөө тартибине окшош.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынан (КРУБ) консультациялык-укуктук жардам алуу зарыл болгондо, Сиз Улуттук банкка төмөнкү даректер боюнча кайрылсаңыз болот:

  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, Бишкек ш., Киев көч. 189 - +996 (312) 66-90-15 (+1671, +1666)
  • Ош областтык башкармалыгы, Ош ш., Курманжан Датка көч., 119 - (0-3222) 4-84-34, 4-84-66, 0-312 29 11 56
  • Нарын областтык башкармалыгы, Нарын ш., Жамгырчы уулу Абас көч., 6 - (0-3522) 5-01-99, (0-312) 29-50-70
  • Ысык-Көл областтык башкармалыгы, Каракол ш., Токтогул көч., 265 - (0-3922) 5-12-51, 0-312 29 40 55
  • Жалал-Абад областтык башкармалыгы, Манас ш., Эркиндик көч., 13 - (0-3722) 2-05-08, 0-312 29 30 63
  • Талас областтык башкармалыгы, Талас ш., Бердике Баатыр көч., 291 - (0-3422) 5-22-70, 0-312 29 60 19
  • Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын Баткен областындагы өкүлчүлүгү, Баткен ш., Т.Садыков көч., 3 - (0-3622) 5-04-46, 0-312 29 00 85.

Келүүчүлөрдү кабыл алуу убактысы

Урматтуу кардарлар!

«Кыргыз Инвестициялык Кредит Банкы» ЖАКтын жетекчилиги көп банктардын ичинен KICBни тандап алганыңар үчүн терең ыраазылыгын билдирет. Банк өз алдынча иш алып баруу принцибин так сактоо менен банктык продукттар жана кызмат көрсөтүүлөргө тиешелүү кандай болбосун маселелерди чечүүдө көмөк көрсөтүүгө дайым даярдыгын билдирет.

Ушул максатта кардарларды кабыл алуунун төмөнкүдөй ыңгайлуу графиги түзүлгөн:

  • Таирова Елена Олеговнанын (Башкарманын мүчөсү / Бизнес ишмердүүлүк жетекчиси) кабыл алуусу Чекене тейлөө борбору бөлүмүндө жүргүзүлөт:
    шейшемби, бейшемби күндөрү саат 17.00дөн 18.00гө чейин кабыл алат.
  • Операция башкармалыгынын начальниги же Банк бөлүмүнүн жетекчиси:
    шейшемби, бейшемби күндөрү саат 17.00дөн 18.00гө чейин кабыл алат.

Форма обратной связи




Поля, обязательные для заполнения отмечены символом *