UPI «Корпоративная» gold – ийгиликтүү бизнес үчүн карта

Валюта: KGS, USD

Саякат, көңүл ачуу жана башка компаниянын чыгымдарын төлөө үчүн ыңгайлуу курал

UPI «Корпоративная» gold – ийгиликтүү бизнес үчүн карта
UPI «Корпоративная» gold – ийгиликтүү бизнес үчүн карта
UPI «Корпоративная» gold – ийгиликтүү бизнес үчүн карта

KICB карттарынын артыкчылыктары

  • Дүйнөнүн каалаган жеринде KICB Business Интернет-банкинг аркылуу өз эсебиңизди башкаруу мүмкүнчүлүгү

    Дүйнөнүн каалаган жеринде KICB Business Интернет-банкинг аркылуу өз эсебиңизди башкаруу мүмкүнчүлүгү

  • Компаниянын каражаттарынын 24/7 жеткиликтүүлүгү

    Компаниянын каражаттарынын 24/7 жеткиликтүүлүгү

  • Отчет аркылуу уюмдун күнүмдүк административдик жана башка чыгымдарын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет

    Отчет аркылуу уюмдун күнүмдүк административдик жана башка чыгымдарын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет

  • Интернет аркылуу товарларга жана кызматтарга заказ кылуу мүмкүнчүлүгү

    Интернет аркылуу товарларга жана кызматтарга заказ кылуу мүмкүнчүлүгү

Сиз үчүн жеткиликтүү

  • Банкоматтардын жана KICB терминалдарынын кеңири тармагы

    Банкоматтардын жана KICB терминалдарынын кеңири тармагы

  • Банктын бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында

    Банктын бөлүмдөрү Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында

  • Арзандатуу программасынын алкагында атайын арзандатуулар

    Арзандатуу программасынын алкагында
    атайын арзандатуулар

  • Байланыш борбору – 24/7

    Байланыш борбору – 24/7

Карта ээлери үчүн маанилүү маалымат

Корпоративдик картаны коопсуз колдонууну камсыз кылуу, ошондой эле мыйзамсыз жана уруксатсыз колдонуу мүмкүнчүлүгүн болтурбоо үчүн төмөнкү эрежелерди сактоону сунуштайбыз:

карта ээсинин жеке маалыматтары (фамилиясы жана аты);

Картанын номери жана колдонуу мөөнөтү;

Картанын арткы бетинде жайгашкан 3 орундуу текшерүү номери (картаны текшерүү наркы/коду);

Сиздин PIN кодуңуз;

Банктык картаңызды жоготуп алсаңыз, сиз дароо Банктын *** дарегиндеги Call-борбору аркылуу же МККга (Банктар аралык процессинг борбору) телефон аркылуу чалышыңыз керек. (+996 312) 66-43-25 же 62-72-30. Банк картаңыз дароо бөгөттөлөт.

Жаңы Банк картасын алууда сиз картанын арткы бетине атайын кол коюу тилкесинде кол коюуңуз керек.

Банк картаңызды магнит талаасына тийгизбеңиз. Магниттик тилке өзүнүн касиеттерин жоготуп алышы мүмкүн, б.а. демагнетизациялоо. Банк картасын магниттик илгичтери бар сумкаларда жана капчыктарда алып жүрүү, ошондой эле банк картасын электр тиричилик техникасынын жана уюлдук телефондордун жанында сактоо сунушталбайт.

Банк картаңызды башкаларга бербеңиз.

Интернет сайты аркылуу суралган картаңыздын реквизиттери тууралуу маалымат бербеңиз. Маалыматтын ар кандай ырастоосу же жаңыртуусу кардар менен жеке байланышта гана болот.

Картаңыздын маалыматын башка адамдардан жашырыңыз.

Сиздин карта эсебиңиздеги акча каражаттарынын кыймылын көзөмөлдөө үчүн “KICB Business” интернет-банкингине кошулууну жана банк картаңыз үчүн көчүрмөлөрдү түзүүнү сунуштайбыз.

· Ошондой эле PIN кодуңузду сизден башка эч ким билбей турганын эскертебиз! Картаны жана ПИН кодду үчүнчү жактарга берүүгө катуу тыюу салынат!

Сотрудница KICB

Бизнес карттар үчүн билдирме

Көп берилүүчү суроолор

  • Картты канча жаштан баштап тариздөөгө болот?

    Картты 16 жаш куракка чыккан адамдарга тариздөөгө болот; кошумча карт ээлеринин курагы 14 жаш.

  • Картты кантип тариздөө керек? Даярдоо мөөнөтү канча?

    • Сайт аркылуу онлайн буйрутма кылуу;
    • KICB тиркемеси аркылуу онлайн буйрутма кылуу;
    • Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылуу;
    • жанында өздүгүн күбөлөндүргөн документ болушу керек;
    • керектүү бланктарды толтуруу (арыз жана келишим);
    • Тарифтерге ылайык картты бир жылдык тейлөө наркын төлөө.

    Картты даярдоо мөөнөтү арыз берилген күндөн тартып: 7-10 банк күнү. Картты шашылыш чыгаруу (Бишкек ш. жана Ош ш. гана) Банктын Тарифтерине ылайык кошумча акы менен 2 банк күнү ичинде.

  • Телефон чалып карт-эсептеги жеткиликтүү сумманы билүүгө болобу?

    Жок, болбойт. Бул маалымат купуя болуп саналат жана карт-эсеп ээсинин кызыкычылыктарын коргоо максатында телефон аркылуу берилбейт. Карт-эсептеги жеткиликтүү сумманы Сиз банктын каалаган банкоматынын же Банктын филиалында орнотулган POS-терминалдын жардамы менен, ошондой эле интернет-банкинг аркылуу жеткиликтүү сумманы көрсөткөн көчүрмөнү сурап билсеңиз болот.

  • Эгерде банкомат картты кармап калса, кайда кайрылуу керек?

    Биринчи кезекте, картты блокировкалоо керек. Андан ары банкоматты орноткон банк менен байланышыңыз. Банкоматтын ээси менен байланышууга мүмкүн болгон координаттар негизинен алдыңкы панелде көрсөтүлөт. Эгерде Сиз банкоматты тейлеген банкты аныктай албасаңыз, анда өз банкыңызга чалып, банкомат жайгашкан өлкөнү, шаарды, көчөнү жана үй номерин билдириңиз. Банктын адистери Сизге кайрылуу керек болгон банктын аталышын жана телефонун маалымдайт жана башка керектүү жардамды көрсөтөт. Өз банкы менен баарлашууну жеңилдетүү жана тездетүү үчүн карттын номерин атоо керек (аны өзүңүздүн жазуу китепчеңизге жазыңыз). Картты алуу үчүн Сизге өздүк күбөлүк керек, ошондой эле Сиз атайын арыз жазышыңыз керек болот.

  • KICB банкоматтары бузук болгон учурда кайда кайрылуу керек?

    Банкомат жайгашкан жерге жакын Банктын филиалына кайрылуу же Байланыш-борборунун телефонуна чалуу керек.

  • Картты пайдалануу мөөнөтү чектелеби?

    Ооба. Карт алдыңкы тарабында көрсөтүлгөн ай жана жыл аяктаганга чейин жарактуу. Мөөнөтү өтүп кенткен карттар боюнча операциялар жүргүзүлбөйт. Колдонуу мөөнөтү аяктаганына байланыштуу картты алмаштыруу үчүн сайт, интернет-банкинг аркылуу онлайн билдирмени тариздөөгө болот же жазуу жүзүндөгү арыз менен KICB каалаган бөлүмүнө кайрылуу керек. Колдонуу мөөнөтү аяктагандыгына байланыштуу картты алмаштырууну өз убагында тариздөөнү сунуштайбыз.

  • Картты жоготкондо же уурдатканда эмне кылуу керек?

    KICB Тиркемеси аркылуу картты шашылыш блокировкалап же бул тууралуу +996 (312/553/774/704) 62 01 01 номерлери боюнча Банктын Байланыш-номерине же (+996 312) 66-43-25 же 62-72-30 тел. аркылуу БПБга билдирүү керек. Сайт, KICB Тиркемеси аркылуу жаңы картты онлайн тариздеңиз же KICB каалаган бөлүмүнө кайрылып, жаңы номер менен картты кайра чыгарууга арызды толтуруңуз, картты кайра чыгаруу баасын төлөңүз.

  • Картта интернет операцияларга жетүү мүмкүндүгүн кантип кошууга болот?

    KICB тиркемеси аркылуу онлайн кирүү мүмкүндүгүн кошууга болот. Ошондой эле Сиз Банктын каалаган бөлүмүнө кайрылып, тиешелүү арызды толтура аласыз. Картта интернет операцияларга жетүү мүмкүндүгү бир жумуш күнү ичинде жеткиликтүү болот.

  • Менде дагы башка суроолор бар, аларга жоопту бул документтен таба алган жокмун. Кандай кылсам болот?

    Банктын күнү-түнү Байланыш-борборуна чалыңыз: (0312) 62 01 01; (0553) 62 01 01; (0774) 62 01 01; (0704) 62 01 01 - WhatsApp, чатта, социалдык тармактарда бизге жазыңыз же [email protected] электрондук почтасы аркылуу кайрылыңыз