МАМЛЕКЕТТИК БААЛУУ КАГАЗДАР
МАМЛЕКЕТТИК БААЛУУ КАГАЗДАР
Мамлекеттик баалуу кагаздар Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан чыгарылган (эмитирленген) карыз милдеттенмеси болуп саналат.
«Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» ЖАК төмөндөгү баалуу кагаздардын түрлөрү боюнча кардарлардын атынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздарынын аукционуна билдирмелерди кабыл алат:
Кардардын атынан аукционго катышууга Банктын комиссиясы түзөт – жеке жактар үчүн акысыз, юридикалык жактар үчүн 1000 сом. МБК аукциондору боюнча маалымат (КРУБ сайтына шилтеме)
Ценные бумаги
-
Мамлекеттик казына векселдери (МКВ):
- жүгүртүү мөөнөтү 3төн 12 айга чейин;
- бир МКВ номиналдык наркы 100 (жүз) сом;
-
Мамлекеттик казына облигациялары (МКО):
- жүгүртүү мөөнөтү 1 жылдан ашык;
- бир МКО номиналдык наркы жана ар бир чыгарылыштын параметрлери МКО чыгаруу учурунда Эмитент тарабынан аныкталат;
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ноталары Улуттук Банк чыгарган (эмитирлеген) мамлекеттик баалуу кагаздар болуп саналат.
- Улуттук банктын бир нотасынын номиналдык наркы – 10 000 (он миң) сом;
- Улуттук банктын ноталары 7, 14, 28, 91, 182 жана 364 күн жүгүртүү мөөнөттөрү менен дисконттук баалуу кагаздар болуп саналат.