30 2026
KICB Citibank N.A. менен евро жана британ фунт стерлингинде эсептерди ачты
KICB Citibank N.A. менен евро жана британ фунт стерлингинде эсептерди ачты

KICB кардарлары эми евро жана британ фунт стерлингинде акча которууларды Европалык Биримдиктин жана Улуу Британиянын өлкөлөрүнө гана эмес, дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнө жүргүзө алышат.
Кардарлар үчүн эл аралык өнөктөштүк тармагын кеңейтүүнү улантуу менен, KICB Citibank N.A. банкында евро жана британ фунт стерлингинде корреспонденттик эсептерди ачты.
Мурда АКШ долларында ачылган эсеп менен бирге, бул банкка жана анын кардарларына Citibank N.A.нын кеңири тармагы аркылуу эң көп колдонулган чет өлкөлүк валюталарда төлөм кызматтарына кеңири мүмкүнчүлүк берет.
KICB аркылуу евро, британ фунт стерлинги жана башка валюталарда SWIFT төлөмдөрүн жүргүзүү менен кардарлар төмөнкүлөргө ээ болушат:
- Глобалдык камтуу: 180ден ашык өлкөгө төлөм жүргүзүү мүмкүнчүлүгү
- Жогорку ылдамдык: которуулар 1 мүнөткө жетпеген убакытта (комплаенс талаптарына ылайык)
- Ыңгайлуу тарифтер: ортомчу банктардын комиссиясы жок жүргүзүлөт
KICB ар дайым кардарларына ыңгайлуу жана натыйжалуу финансылык кызматтарды сунуштайт.
Быйыл 25 жылдык мааракесин белгилеп жатып, KICB кардарлары үчүн акча которуулар боюнча масштабдуу акцияларды жарыялайт. Пайдалуу тарифтер менен которууларды жүргүзүү жана акцияларга катышуу үчүн KICBде эсеп ачыңыз.
KICB — ишенимдүү банк!

Citibank — чек аралык рыноктордо финансылык институттар үчүн алдыңкы банктык өнөктөш, активдерди башкарууда дүйнөлүк лидер жана АКШнын ички рыногунда абройлуу чекене банк болуп саналат. Citi дүйнөнүн болжол менен 180 өлкөсүндө жана аймактарында иш алып барып, компанияларга, өкмөттөргө, инвесторлорго, уюмдарга жана жеке адамдарга кеңири спектрдеги финансылык кызматтарды сунуштайт.
Веб-сайт: www.citigroup.com
ЖАК «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» (KICB) 2001-жылы негизделген.
Уставдык капиталы — 23 млн АКШ доллары. Банк республика боюнча кардарларды тейлөө пункттарын кошкондо 59 бөлүмгө ээ. Кыргызстанда Citibank (АКШ) менен корреспонденттик эсеп ачкан биринчи банк болуп саналат.
КРУБ лицензиясы №046.
Веб-сайт: www.kicb.net