Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

Visa жана KICB «Мода жана искусство» мода көрсөтүүсүнүн демөөрчүсү болушту

Бишкек шаарында Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук Академиялык Опера жана Балет Театрында "Forum Kurak" коомдук бирикмеси тарабынан уюштурулган "Мода жана Искусство" көрсөтүүсү болуп өттү. Эл аралык VISA төлөм системасы жана KICB башкы өнөктөштөр болушту.

Иш-чара мода индустриясынын, бизнес чөйрөнүн жана медианын өкүлдөрүн бириктирди. Дилбар Ашимбаеванын, Татьяна Воротникованын, Cutadash брендинин, WeNera, Chapansar, Peri Ethno, Zalkar мода дизайнерлеринин жана жаш дизайнерлердин жаңы коллекциялары көрүүчүлөрдүн чоң ийгилигине ээ болду.


Visa жана KICB өлкөдөгү креативдүү индустриялардын жана аялдардын ишкердүүлүгүн өнүктүрүүгө көмөктөшүүчү демилгелерди колдоо алкагында мода көрсөтүүсүн уюштурууга демөөрчү болушту.