KICB Visa Classic төлөм карталарын чыгарууну токтотот

20 2025

KICB Visa Classic төлөм карталарын чыгарууну токтотот

KICB Visa Classic төлөм карталарын чыгарууну токтотот

KICB билдирет, Visa Classic төлөм карталарын чыгаруу 2025-жылдын 1-февралынан тарта жеткиликтүү болбойт. Биз кардарлар үчүн эң пайдалуу жана ыңгайлуу өнүмдөрдү берүү принцибин карманабыз, ошондуктан Visa Gold жана Visa Infinite карталарын тандоону сунуштайбыз.
Visa Gold жана Visa Infinite төлөм карталары кеңейтилген мүмкүнчүлүктөрүнүн жана кошумча артыкчылыктарынын, мисалы, жогорулатылган лимиттердин, эксклюзивдүү бонустардын жана жакшыртылган сервистин аркасында кардарлар арасында өзгөчө популярдуулукка ээ болду. Бул чечим финансылык кызматтардын жогорку стандарттагы керектөөлөрүнө умтулган кардарларды канааттандырууга багытталган.
Буга чейин Visa Classic карталары бар кардарлар үчүн эч кандай өзгөртүүлөр болбойт. Бардык чыгарылган карталар чектөөсүз жарактуу жана тейлөө улана берет.
Ошондой эле 2025-жылдын 31-майына чейин KICB Visa жана KICB MasterCard карталарынан улуттук валютадагы акча каражаттарын Кыргызстандын каалаган банкынын банкоматынан АКЫСЫЗ накталай ала турганыңызды эскертебиз! Кыргызстандын каалаган жеринде KICB карталарынан комиссиясыз накталай акча алыңыз. Акция KICB карталарына тиешелүү: Visa Classic, Visa Gold, Visa Infinite, Mastercard Standard, Mastercard Gold.