Visa Infinite жана Visa Signature карталарынын ээлери үчүн артыкчылыктар кайрадан «Манас» эл аралык аэропортунда жеткиликтүү!

9 2025

Visa Infinite жана Visa Signature карталарынын ээлери үчүн артыкчылыктар кайрадан «Манас» эл аралык аэропортунда жеткиликтүү!

2025-жылдын 13-октябрынан тартып «Манас» эл аралык аэропортунда Visa Infinite жана Visa Signature премиалдык карталарынын ээлери үчүн артыкчылыктар кайрадан ишке кирет!
Эми KICB банкынын Visa карталары менен саякаттоо дагы да ыңгайлуу жана жагымдуу!

Премиалдык Visa карталарынын ээлери кайрадан VIP-залга кирүү жана акысыз жүктү таңгактоо кызматтарынан пайдалана алышат.

Артыкчылыкты кантип колдонсо болот:

  1. «Манас 2» имаратынын VIP-залына кириңиз.

  2. Кызматкерге Visa Signature же Visa Infinite картаңызды көрсөтүп, бул кызматты колдонгуңуз келерин айтыңыз.
  3. Карта текшерүү терминалы аркылуу валидациядан өтөт. Эгер карта активдүү болуп, акысыз өтүүлөр жеткиликтүү болсо - кызмат акысыз көрсөтүлөт.

Эске салабыз:
Жыл ичинде премиалдык Visa карталарынын ээлери төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөргө ээ:

Visa Signature - жылына 4 жолу

Visa Infinite - жылына 6 жолу

Кызмат убактылуу токтотулганга чейин пайдаланылган өтүүлөр 2025-жылдагы жалпы жылдык лимитке кирет.
Мисалы, эгер Visa Infinite картасынын ээси токтотууга чейин VIP-залга эки жолу кирген болсо, жыл аягына чейин дагы төрт акысыз өтүүгө укуктуу.

Лаундж залдарынын артыкчылыктарынан цифралык мүчөлүк аркылуу пайдалануу үчүн Visa Airport Companion тиркемесин жүктөп алыңыз же Visa Concierge чат-боту аркылуу кирүү мүмкүнчүлүгүн алыңыз.

Ыңгайлуу саякат кылыңыз жана KICB банкынын премиалдык Visa картасынын бардык артыкчылыктарын пайдаланыңыз!

KICB - ишенимдүү банк!