21 2025
KICB ЮНИСЕФтин балдар маселелери боюнча бизнес-консультативдик кеңешине кошулду
KICB ЮНИСЕФтин балдар маселелери боюнча бизнес-консультативдик кеңешине кошулду

Кыргызстандагы жеке сектор экономикалык өнүгүүнүн гана кыймылдаткыч күчү эмес, ошондой эле балдарга жана үй-бүлөлөргө олуттуу таасир этет, алардын укуктарын илгерилетүүдө прогрессти тездетүүгө чоң мүмкүнчүлүккө ээ. ЮНИСЕФ Кыргызстандагы жеке секторду балдардын кызыкчылыгында мобилизациялоого багытталган.
ЮНИСЕФ ишкерлер менен өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө умтулат жана биргелешкен баалуулукту жаратууга негизделген ар кандай өнөктөштүктөрдү өнүктүрөт, маалыматтарга жана изилдөөлөргө жеткилик берүүнү камсыздайт, ошондой эле балдардын укуктарына байланышкан практикалык тажрыйба менен бөлүшөт.
KICB ЮНИСЕФтин Балдар маселелери боюнча бизнес-консультативдик кеңешинин мүчөсү болду. Бул кеңеш – жеке сектордун, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдун, академиялык чөйрөнүн жана балдардын (өспүрүмдөрдүн) өкүлдөрүн бириктирген көп секторлуу платформа. Кеңештин максаты – Кыргызстандагы балдардын укуктары жана жыргалчылыгы боюнча маселелерди талкуулоо жана илгерилетүү.
Кеңеш балдардын укуктары темасын бизнес жана коомдук күн тартибине киргизүүгө, ESG багытындагы ыкмаларды өнүктүрүүгө жана өлкөдөгү балдарга жана үй-бүлөлөргө таасир эткен уюмдардын тажрыйба алмашуусуна өбөлгө түзөт.
KICB бир нече социалдык демилгелерди системалуу түрдө ишке ашырып келет. Алардын катарында Кванг Янг Чой атындагы стипендиялык программа, жайлоодогу жайкы билим берүү борборлорун колдоо жана балдар менен жаштардын билим алуусуна жана өнүгүүсүнө багытталган башка долбоорлор бар.
Кеңештин ишине катышуу банкка көп секторлуу диалогдун бир бөлүгү болууга жана Кыргызстандагы балдардын кызыкчылыктарын чагылдырган маселелерди талкуулоого эксперттик салым кошууга мүмкүндүк берет.
Маалымдама:
ЮНИСЕФ – Бириккен Улуттар Уюмунун алдында иш алып барган эл аралык балдарды коргоо уюму. ЮНИСЕФ балдардын укуктарын илгерилетүү жана коргоо боюнча дүйнөнүн 190дан ашык өлкөсүндө жана аймактарында, анын ичинде Кыргызстанда иш алып барат. 1994-жылдан бери Кыргызстандагы балдар жана үй-бүлөлөрдүн жыргалчылыгын жакшыртуу үчүн иштейт.
ЖАК «Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы» (KICB) 2001-жылы түзүлгөн. Банк республика боюнча 55 филиалы аркылуу кеңири спектрдеги банктык кызматтарды көрсөтөт. Кыргызстанда биринчи болуп Citibank (АКШ) жана NBD (БАЭ) банктарына корреспонденттик эсептерди ачкан. КРУБ №046 лицензиясы.