27 2026
KICB Tourism Revenue Hackathon хакатонунун демөөрчүсү болду
KICB Tourism Revenue Hackathon
демөөрчүсү болду
Tourism Revenue Hackathon — туризм тармагын өнүктүрүүгө жана анын кирешелүүлүгүн жогорулатууга багытталган идеялар менен чечимдер үчүн аянтча болду. Катышуучулар сервисти жакшыртуу, туристтер үчүн ыңгайлуулукту арттыруу жана санариптик технологияларды киргизүү боюнча долбоорлордун үстүндө иштешти.
Хакатонду We Fund коомдук фонду жана Startup Lab 119 венчурдук студиясы уюштуруп, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар паркы жана Туризмди колдоо фонду тарабынан колдоого алынды. KICB банкы иш-чаранын расмий өнөктөшү жана негизги демөөрчүлөрүнүн бири болду.
Командалар жогорку деңгээлдеги даярдыгын көрсөтүп, практикада колдонууга мүмкүн болгон долбоорлорду сунушташты. Калыстар тобу идеялардын сапатын жана алардын туризм тармагына ылайыктуулугун өзгөчө белгиледи.
Баш байге — KICB тарабынан берилген 5000 АКШ доллары — TaalAI долбооруна ыйгарылды. Бул чечим мобилдик телефонду турист үчүн жеке жардамчыга айландырып, маршруттарды, локацияларды жана керектүү сервистерди тез табууга жардам берет.
TaalAI командасы идея жаралган учурдан тартып, болгону 48 саат ичинде даяр продукт түзүүгө жетишкен жолун бөлүштү. Катышуучулар ошондой эле KICB банкына колдоосу жана жаңы идеяларга болгон ишеними үчүн ыраазычылык билдиришти.
Мындай демилгелерди колдоо менен KICB туризмди, технологияларды жана өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө өз салымын кошуп жатат.