Жакындарыңыздын Visa картасына чет өлкөгө акча которуу

30 2024

Жакындарыңыздын Visa картасына чет өлкөгө акча которуу

Жакындарыңыздын Visa картасына чет өлкөгө акча которуу 


VISA KICB төлөм карталарынын ээлери үчүн картанын номери, телефон номери боюнча акча которуу, ошондой эле башка банктарда чыгарылган Visa карталарыңыздан Visa картаңызды толуктоо боюнча жаңы кызматтын артыкчылыгын пайдаланууга шашылыңыз.

Пайдасы өтө көп! Эми сиз акча которуу үчүн банкта кезекке турбайсыз, эч кандай кагаздарды толтурбайсыз, алуучу да код алып чет өлкөдөн банк кеңсесин издебейт. Акча каражаттарын жөнөтүү же алуу үчүн, төмөнкү нерселер зарыл:

  • Картанын жөндөөлөрүндө "Интернет төлөмдөр" опциясын иштетиңиз

  • Каалаган картага "Visa Direct" туташтырыңыз

  • Которуу алуучунун картанын номерин же уюлдук номерин билиңиз

Акчаны сом же АКШ доллары менен которсоңуз болот. Visa картасына акча которууда сумма автоматтык түрдө которуу жүргүзүлгөн картанын валютасындагы эсепке которулат. Жеке ишкерлер жана юридикалык жактар ​​2024-жылдын 1-сентябрынан 2024-жылдын 31-декабрына чейин KICB Business мобилдик тиркемесин комиссиясыз туташтыра алышат.

Эскерте кетсек, KICB кардарлары заматта Visa карталарын (instant) Банктын каалаган филиалынан акысыз жана бир жылдык тейлөө шарты менен бекер алышат, ошондой эле 2024-жылдын 6-ноябрына чейин KICB Visa карталарынан улуттук валютадагы (сом) акча каражаттарын Кыргызстан боюнча каалаган банктын банкоматынан АКЫСЫЗ чечип алышат. Акция KICB Visa Classic, Visa Gold, Visa Infinite карталарына тиешелүү.

Тактоо маалыматы:

Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы (KICB) ЖАК 2001-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы – 23 млн. АКШ доллары. Банктын бүткүл өлкө боюнча 55 филиалы бар, алар банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтөт.  VISA International төлөм системасынын негизги өнөктөшү. Золотая Корона, Western Union эл аралык акча которуу системалары,  жана Money Stream (Мани Стрим аттуу) Кыргызстан ичинде тез акча которуу системасы иштейт.