KICB ишкер аялдарды колдойт

15 2025

KICB ишкер аялдарды колдойт

KICB ишкер аялдарды колдойт

  Быйыл Кыргызстандагы аялдар кыймылынын 100 жылдыгы белгиленет. Өлкөнүн билим берүү, маданият жана экономикалык өнүгүүсүндө аялдар ар дайым негизги ролду ойноп келишкен. Бүгүнкү күндө аялдар ишкердикте, жумуш орундарын түзүүдө, инновацияларды киргизүүдө, Кыргызстандын экономикасын чыңдоодо жогорку активдүүлүктү көрсөтүп жатышат.

  KICB негизделгенден бери ишкер аялдарды колдоо менен сыймыктанат. Ал эми 2021-жылы Европа Реконструкциялоо жана Ѳнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) менен биргеликте жеңилдетилген шартта насыяларды, депозиттер жана банктык карталар сыяктуу продуктыларды, өзгөчө шарттарда бизнести өнүктүрүүгө жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогорулатууга багытталган ар кандай темада ишкер аялдарды окутууну камтыган «Мыкты Айым» программасын ишке ашырууда.

  Аялдардын ишкердигин колдоо боюнча ишке ашырылып жаткан стратегиянын алкагында ЕРӨБ жана SheStarts «Аялдардын ишкердигин өнүктүрүү фонду» бейөкмөт уюму тарабынан уюштурулган «Насаатчылык: бизнести өнүктүрүүнүн ачкычы» иш-чарасы MicroMentor онлайн платформасын илгерилетүү үчүн өткөрүлдү - 400 000ден ашуун өлкөнүн насаатчыларын жана ишкерлерин бириктирген экосистема. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы, HoReCa ассоциацияларынын, электрондук коммерциянын, жеңил өнөр жайдын, ишкерлер ассоциациясынын өкүлдөрү, бизнес өкүлдөрү ж.б. катышты.

  KICB өкүлдөрү ишкер аялдарды каржылоо жана ноу-хау аркылуу колдоо куралдары тууралуу айтып беришти. Жолугушууда MicroMentor онлайн платформасынын таанытымы болду, "Аялдарды бизнесте колдоо - бул жөн гана теңчилик маселеси эмес, туруктуу экономикалык өнүгүүгө карай кадам. Бул банктын өнүгүүсүнүн приоритеттүү багыты. "Мыкты Айым" программасынын алкагында ишкер аялдар жеңилдетилген шарттарда каржылык колдоону гана албастан, тренингдерди жана консультацияларды да ала алышат. KICB Кыргызстанда биринчилерден болуп ЕРӨБдүн «Бизнестеги аялдар» программасына катышканы менен сыймыктанат. Жана инновациялык чечимдерди ишке ашырууну улантууда жана Кыргызстандагы ишкер аялдарды колдоо боюнча жигердүү иш алып баруу менен алардын ийгилик жолунда жаңы бийиктиктерге жетишине көмөктөшөт.» - деп белгилешти KICB Башкармасынын мүчөлөрү.

www.kicb.net
Улуттук банктын 046 лицензиясы