24 2026
KICBнин Mastercard Black Edition картасы менен “Яндекс. Тамак” платформасынан арзандатуу менен буйрутма кылыңыз
KICB нин Mastercard Black Edition картасы менен “Яндекс. Тамак” платформасынан арзандатуу менен буйрутма кылыңыз
Эми KICBнин Mastercard Black Edition картасынын ээлери “Яндекс Тамак” плаформасынын эксклюзивдүү сунушун пайдалана алышат. Ресторандан же кафеден кечки тамакты, дүкөндөн азык-түлүктү буйрутма кылуу эми пайдалуу. Эгерде сиз тыгындарда дүкөндөргө барууга убактыңызды короткуңуз келбесе, Яндекс тиркемесинин “Тамак” бөлүмүнөн буйрутма кылыңыз. Ошондой эле каалаган кафеңиздин кечки тамагынан рахат алуу мурункудан да жагымдуу болуп калды.
KICBнин Mastercard Black Edition картасынын колдонуучуларынын бардыгына бир буйрутмага 50% өлчөмүндө 450 сом суммасындагы арзандатуу жеткиликтүү. Акцияга ылайык KICBнин Mastercard Black Edition ээлери айына арзандатуу менен 3 буйрутма кыла алышат.
Сунушту KICB де каалаган валютада мобилдик тиркемеден же банктын бөлүмдөрүнөн карта ачкан КР резиденттери жана резидент эместери колдоно алышат.
Ал эми “Яндекс.Go” мобилдик тиркемесинин активдүү колдонуучулары үчүн KICBнин Mastercard Black Edition премиалдык картасын буйрутма кылуу жеткиликтүү. Ал үчүн калкып чыгуучу баннерден KICB нин мобилдик тиркемесин жүктөп, «Яндекс.Go» тиркемесиндеги промокод аркылуу картаны бекер чыгаруу жана бир жылдык тейлөө менен буйрутма кылыңыз.
Кантип атайын сунушту активдештирип, премиалдык картаны акысыз алууга болот?
-
Тамак ашты буйрутма кылып жатканда “Яндекс.Go” тиркемесиндеги калкып чыгуучу баннерди табыңыз.
-
Эгер сизде KICBнин мобилдик тиркемеси жок болсо, аны жүктөп алыңыз. Идентификациядан өтүңүз.
-
“Сервистер” бөлүмүнөн “Картага буйрутма берүү” баскычын тандап, “Яндекс.Go” тиркемесинен алган промокодду киргизиңиз.
-
Промокод уникалдуу болуп саналат жана бир кардар тарабынан бир гана жолу колдонулушу мүмкүн.
Картаны тариздегенден кийин дароо колдоно баштаңыз.
Пластик картанын даярдалышын күтүүнүн кажети жок – KICB мобилдик тиркемесинде Mastercard Black Edition санариптик карта сын заматта чыгаруу жеткиликтүү. Ал бир нече мүнөттүн ичинде активдешет: тариздегенден кийин дароо реквизиттерди көрүп, картаны “Яндекс Тамак” сервисине байлап, алгачкы буйрутманы 50% арзандатуу менен ишке ашыра аласыз.
Промокодсуз картага буйрутма берүүдө акысыз жылдык тейлөө жеткиликтүү эмес. KICB нин мобилдик тиркемесинде аралыктан идентификациядан өткөн колдонуучулар үчүн Mastercard Black Edition премиалдык картасына буйрутма берүү улуттук валютада гана жеткиликтүү.
KICB Mastercard Black Edition менен бирге өзүңүзгө дагы көбүрөөк пайдалуу сатып алууларга жол ачыңыз!