Чакан жана орто бизнес үчүн кредиттер боюнча атайын сунуш

9 2024

Чакан жана орто бизнес үчүн кредиттер боюнча атайын сунуш

Чакан жана орто бизнес үчүн кредиттер боюнча атайын сунуш


KICB «Бизнес кредиттер» жана «Агрокредиттер» боюнча пайыздык чендерди бардык чакан жана орто бизнес өкүлдөрү үчүн төмөндөтүлгөнүн кубануу менен билдирет.

Эгер сиз соода, өндүрүш, курулуш, кызмат көрсөтүү же башка тармактарда ишкердик менен алектенсеңиз жана айланма каражаттарды толуктоо, продукциянын ассортиментинин көбөйүшү, жаңы жабдууларды орнотуу же бизнес үчүн менчик жай алуу үчүн насыя керек болсо, ошондой эле эгер сиз айыл чарба тармагында иш алып барып жатсаңыз, айыл чарба техникасын сатып алгыңыз келсе, жыйналган түшүмдү кайра иштетүүнү же анын сактоосун төлөөнү пландап жатсаңыз, биздин акция тууралуу сөзсүз билүүңүз керек.

KICB кредиттеринин артыкчылыктары:

  • Ар бир кардарга жеке мамиле

  • Кредит жана күрөө боюнча ийкемдүү шарттар

  • Суранычтарды карап чыгуу мөөнөттөрүнүн кыскалыгы

  • Кредиттик продуктулардын кеңири тандоосу

  • Жашыруун комиссиялар жок

Биз улуттук валютада кредит боюнча пайыздык чендерди төмөндөттүк, бул биздин кредиттерди пайдалуураак жана жеткиликтүүрөөк кылат. Акция боюнча кредиттик пайыздык чен 24 айга берилген кредиттер үчүн колдонулат*..

Кредиттин суммасы

Пайыздык чен

7 млн сомдон 26 млн сомго чейин

Жылдык 17,5%

3,5 млн сомдон 7 млн сомго чейин

Жылдык 18,5%

700 миң сомдон 3,5 млн сомго чейин

Жылдык 19,5%

* 36 айга чейин насыялар үчүн кошумча 0,5% (3-жыл үчүн), 48 айга чейин кошумча 0,5% (ар бир кийинки жыл үчүн), 60 айга чейин насыялар үчүн кошумча 1% (3-жыл үчүн + 0,5%, 4-жыл үчүн + 0,5%, 5-жыл үчүн + 1%).     

* натыйжалуу пайыздык чен 19,3%дан башталат