25 2026
KICB жана ЕБРР «Планета Трейд Сервис» компаниясынын өнүгүүсүн каржылайт
KICB жана ЕБРР «Планета Трейд Сервис» компаниясынын өнүгүүсүн каржылайт
2026-жылдын 24-мартында Кыргыз Инвестициялык-Кредит Банкы (KICB) Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕБРР) менен биргеликте «Планета Трейд Сервис» ЖЧКсы менен кредиттик келишимге кол койду.
Каржылоо компаниянын мындан аркы өнүгүүсүнө, операциялык натыйжалуулугун жогорулатууга жана сатуу көлөмүн көбөйтүүгө багытталат.
Кол коюу аземине төмөнкүлөр катышты: Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Өндүрүш жана кызмат көрсөтүүлөр боюнча регионалдык директору — Алмаз Тойгонбаев, «КИКБ» ЖАК Башкармалыгынын төрагасы — Ариф Али, ошондой эле «Планета Трейд Сервис» ЖЧКсынын негиздөөчүсү жана башкы директору — Сергей Полтавцев.
2006-жылы негизделген «Планета Трейд Сервис» ЖЧКсы учурда «Планета Электроники» бренди алдында иш алып барып, Кыргызстандагы тиричилик техникасынын рыногунда кеңири таанылган компаниялардын бири болуп саналат. Компания компьютердик техника, аудио жана видео жабдуулар, ошондой эле дүйнөлүк алдыңкы бренддердин ири жана майда тиричилик техникаларын дүң жана чекене сатууга адистешкен.
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча компания сатуулардын туруктуу өсүшүн көрсөткөн, бул анын ишмердүүлүгүн кеңейтүү жана рыноктогу позициясын бекемдөө максатында кошумча каржылоону тартууга негиз болду.
KICB жана ЕБРР тарабынан көрсөтүлгөн колдоо жеке секторду өнүктүрүүгө жана бизнес үчүн каржылык ресурстарга жеткиликтүүлүктү кеңейтүүгө багытталып, Кыргызстандын туруктуу экономикалык өсүшүнө салым кошот.