6 2026
KICB: Ишенимдүүлүктүн 25 жылы жана Ош шаарындагы өнүгүүнүн жаңы этабы
KICB: Ишенимдүүлүктүн 25 жылы
жана Ош шаарындагы өнүгүүнүн жаңы этабы
Ош шаары – Кыргызстандын калкы боюнча экинчи ири шаары жана Борбор Азиядагы эң байыркы шаарлардын бири. Ош өлкөнүн экономикасында маанилүү роль ойнойт жана түштүк аймагынын административдик жана экономикалык борбору болуп саналат. Бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана калк үчүн каржылоого жетүү жана сапаттуу банктык кызматтар өзгөчө мааниге ээ.
KICBнин «Ош Центр» филиалы жаңы заманбап имаратта кардарлар үчүн эшигин ачты.
Бул филиал көп жылдан бери Ош шаарында ийгиликтүү иш алып барып, аймактын тургундары жана бизнес өкүлдөрү үчүн ишенимдүү каржылык өнөктөш болуп келет. Эми ал жаңыланган инфраструктурасы жана кардарларды тейлөөнүн дагы да ыңгайлуу шарттары менен жаңы этапта ишин улантууда.
«Бүгүнкү күндө KICB банкынын тармагы бүт Кыргызстанды камтыйт жана биздин кызматтар өлкөнүн эң алыскы аймактарындагы кардарларга да жеткиликтүү. Мобилдик тиркеме аркылуу сапаттуу кызматтарды алыстан колдонууга мүмкүнчүлүк бар», — деп белгиледи KICB Башкармалыгынын төрагасы Ариф Али мырза.

Чакан ишканаларды колдоо максатында KICB санариптик чечимдерди активдүү түрдө ишке киргизүүдө. Бул банктык кызматтарды жеткиликтүү, ылдам жана коопсуз кылат. Мисалы, азыр мобилдик тиркемени жүктөп алып, бир нече мүнөттүн ичинде онлайн насыя алууга, төлөм картасын заказ кылууга жана дүйнөнүн каалаган жеринен акча которууларды үйдөн чыкпай кабыл алууга болот.
KICBнин мобилдик тиркемесинде «Золотая Корона», «Астрасенд», RIA жана Western Union сыяктуу ыкчам акча которуу системалары, ошондой эле Кытайга UnionPay картасына которуулар жеткиликтүү. Кытайга картадан картага акча которуу – эң көп талап кылынган банктык кызматтардын бири. Ар бир ишкер банкка барбастан эле уюлдук телефону аркылуу KICB Business кызматын колдонуп, салыктарды төлөп, SWIFT системасы аркылуу чет өлкөлөргө өтө төмөн тарифтер менен америкалык Citibank банкы аркылуу акча которо алат.
25 жыл ичинде банк каржы рыногунда чоң ийгиликтерге жетишти. KICB Кыргызстанда биринчи болуп өзүнүн облигацияларын чыгарган жана бүгүнкү күндө америкалык Citibank жана NBD Emirates (БАЭ) банктары менен өнөктөш болгон өлкөдөгү биринчи банк болуп саналат. Бул жылдар аралыгында KICB өзүнүн ишенимдүүлүгүн далилдеп, дүйнөлүк алдыңкы каржы институттары менен ийгиликтүү кызматташып, өлкөнүн экономикасынын өнүгүшүнө салым кошуп келет.