KICB мобилдик тиркемесинде онлайн кредиттер жөнүндө
13 2024
KICB мобилдик тиркемесинде онлайн кредиттер жөнүндө
KICB мобилдик тиркемесинде онлайн кредиттер жөнүндө
KICB банк онлайн кредиттерди берүү процессинде өзгөртүүлөрдү киргизгенин маалымдайт.
Эгерде Сиз KICB мобилдик тиркемесинде онлайн кредит алуу үчүн төмөнкү суммада кайрылсаңыз:
-
15 000 сомго чейинки кредит эсебиңизге бир нече мүнөттүн ичинде түшөт;
-
15 000 сомдон 50 000 сомго чейинки кредит эсебиңизге 3 саатта түшөт;
-
50 000 сомдон 100 000 сомго чейинки кредит эсебиңизге 6 саатта түшөт;
- 100 000 сомдон жогору суммадагы кредит эсебиңизге 24 сааттын ичинде түшөт.
Белгиленген убакыттын ичинде Банк кредит алууга макулдугуңузду ырастоо үчүн контролдук чалуу жүргүзөт. Сиз кредит алуудан баш тартсаңыз болот, анда арызыңыз жокко чыгарылат.
Бул чаралар финансылык кызматтардын шарттарын жакшыртууга, кардарлардын укуктарын коргоого, кредиттик тобокелдиктерди төмөндөтүүгө жана финансылык камсыздоого багытталган жана Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын талаптарына негизделет. Кошумча суроолоруңуз болсо, KICB 24 саат бою иштеген байланыш борборуна төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот (312/ 0553/ 0774/ 0704) 62 01 01.
Акциянын алкагында 2024-жылдын 31-декабрына чейин KICB мобилдик тиркемесинде 200 000 сомго чейин 24 айга каалаган максатта жылына 19,49%* төмөндөтүлгөн чен менен онлайн кредит алууга мүмкүн экенин Банк эскертет.
*- натыйжалуу чен 22,12%