28 2026
KICB мамлекеттик баалуу кагаздар секторунун мыкты инвестору деп аталды
KICB мамлекеттик баалуу кагаздар секторунун мыкты инвестору деп аталды
2025-жылдын жыйынтыгы боюнча KICB Кыргыз фондулук биржасы тарабынан «Кыргыз фондулук биржасынын мамлекеттик баалуу кагаздар секторунун мыкты инвестору» номинациясында сыйлыкка татыды. Бул сыйлык банкка рыноктогу активдүү катышуусу жана ички баалуу кагаздар рыногунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыйгарылды.
Жыл ичинде Банк эң ири институционалдык инвесторлордун катарында болуп, мамлекеттик баалуу кагаздарга туруктуу суроо-талапты камсыз кылып, сооданын ликвиддүүлүгүн колдоп турду. Мындай инвестициялык ишмердүүлүк Кыргызстандын баалуу кагаздар рыногунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана финансылык туруктуулукту бекемдөөгө өбөлгө түзөт.
Мамлекеттик баалуу кагаздар сектору туруктуу финансылык системанын негизги элементтеринин бири болуп саналат. Бул сегменттеги KICBнин катышуусу узак мөөнөттүү каржылоо булактарын түзүүгө жана улуттук карыздык инструменттер рыногун өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт.
KICB Кыргызстанда 2013-жылы өз облигацияларын ийгиликтүү чыгарган алгачкы банк болуп саналат. 2025-жылдын 25-июнунда KICB ички рынокто 1,3 миллиард сом өлчөмүндөгү Туруктуу өнүгүү облигацияларын биринчи болуп ийгиликтүү жайгаштырды. Бардык облигацияларды Дүйнөлүк банк тобуна кирген Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) сатып алды. Бул улуттук эмитенттерге эл аралык инвесторлордун жогорку ишенимин тастыктаган маанилүү окуя болду.

Бул кадам KICBнин экологиялык, социалдык жана корпоративдик башкаруу (ESG) жаатындагы мыкты эл аралык тажрыйбаларды интеграциялоого багытталган ESG-саясатын ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп калды. Туруктуу өнүгүү облигацияларын жайгаштыруудан алынган каражаттар улуттук валютада экологиялык жана социалдык туруктуу долбоорлорду узак мөөнөттүү каржылоого, ошондой эле чакан бизнеске, ишкерлерге жана социалдык жактан аярлуу топторго, анын ичинде аялдарга колдоо көрсөтүүгө багытталды.
Белгилей кетсек, уставдык капиталы 23 миллион АКШ долларын түзгөн KICB өз тарыхын 2001-жылдан баштайт. 2025-жылы банк өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгилеп, мындан ары да баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүүгө активдүү катышууну жана банктык кызмат көрсөтүүлөр жаатында ишенимдүү өнөктөш болууну максат кылууда.
KICB – ишенимдүү банк!
КРУБ №046 лиц.