KICB Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкына биргелешип каржылоо программасынын алкагында «Перекресток» автоборбору менен кредиттик келишимге кол койду
1 2025
KICB Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкына биргелешип каржылоо программасынын алкагында «Перекресток» автоборбору менен кредиттик келишимге кол койду
KICB Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкына биргелешип каржылоо программасынын алкагында «Перекресток» автоборбору менен кредиттик келишимге кол койду
KICB Кыргызстандагы Тойота Мотор Корпорациясынын расмий дистрибьюторунун ишмердүүлүгүн кеңейтүү максатында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын биргелешип каржылоо программасынын алкагында Перекресток автоборбору менен кредиттик келишимге кол койду.
Автоцентр Перекресток Кыргызстандагы сатууну кыйла көбөйтүп, борбордогу кыргызстандыктарга Toyota унааларынын дүйнөсүн ачты. Автоцентр Перекрестокту колдоо максатында Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы (KICB) менен биргеликте компанияны каржылоо жана жүгүртүү каражаттарын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн берүү чечимин кабыл алды.
Келишимге кол коюу аземи 2025-жылдын 21-августунда Бишкек шаарында KICB Башкармалыгынын Төрагасы Ариф Али мырзанын, ЕРӨБ Өндүрүш жана сервис департаментинин аймактык жетекчиси Алмаз Тойгонбаев мырзанын жана «Перекресток» автоборборунун башкы директору Адхам Юупров мырзанын катышуусунда өттү.
Кол коюу аземинин катышуучулары компаниянын ийгиликтүү өнүгүп, кеңейээрине бекем ишенимин билдиришти жана өз ара пайдалуу узак мөөнөттүү кызматташуу үчүн бири-бирине ыраазычылык билдиришти.
KICB ишенимдүү финансылык өнөктөш статусун тастыктаган өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө багытталган демилгелерди ырааттуу колдоп келет.
Эске сала кетсек, KICB ЕРӨБ менен көптөгөн багыттар боюнча кызматташат, анын ичинде Кыргызстандагы ири долбоорлорду каржылоо, Кыргызстанда аялдардын ишкердигин өнүктүрүү үчүн Борбор Азиядагы «Бизнестеги аялдар» программасынын алкагында «Мыкты Айым» долбоорун колдоо жана Кыргызстандын жашыл экономиканы каржылоо программасына (KyrSEFF) катышуу.
Шилтеме:
«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» ЖАК (KICB) 2001-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы 23 миллион АКШ долларын түзөт. Банктын бүткүл өлкө боюнча 55 филиал/сактык кассаары бар, алар банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтөт. Кыргызстанда биринчи болуп Citibank (АКШ), NBD (БАЭ) банктарында корреспонденттик эсептерди ачты. КРУБ 046 лицензиясы.
Европа Реконструкциялоо жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) 1991-жылы түзүлгөн жана өлкөлөргө ийгиликтүү рынок экономикасына өтүүгө жардам берүү үчүн үч континентте иш алып барат. Анын уникалдуу мамилеси узак мөөнөттүү оң өзгөрүүлөрдү камсыз кылуу үчүн каржылоону, экспертизаны жана саясатты реформалоону айкалыштырат.
«Автоцентр Перекресток» ЖЧКсы 2003-жылы унаа оңдоо кызматтарын көрсөтүү жана авто тетиктерин сатуу максатында түзүлгөн. 2012-жылы компания Тойота Мотор Корпорациясынын ыйгарым укуктуу дилери болуп, Кыргызстандагы Тойота автоунааларын сатуу боюнча эксклюзивдүү аймактык дистрибьютору болуп, 2020-жылы Лексус унааларын сата баштаган.