KICB аялдардын санариптик экономикага катышуусун колдойт

22 2025

KICB аялдардын санариптик экономикага катышуусун колдойт

KICB аялдардын санариптик экономикага катышуусун колдойт


  Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы (KICB) 20-апрелде Бишкекте өткөн “Санариптик көндүмдөр баары үчүн. Жаңы жүздөр” форумунун өнөктөшү болуп чыкты. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү жана инновациялык технологиялар министрлигинин колдоосу менен «Кыргыз Технововумен» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулуп, Эл аралык электр байланыш союзу (ITU) тарабынан түзүлгөн «МКТдагы кыздар» эл аралык күнүнө карата уюштурулду.

  Форумга 300дөн ашык катышуучу, анын ичинде Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн IT-компанияларынын, билим берүү мекемелеринин, эл аралык уюмдардын, бизнес-коомчулуктун жана коомдук демилгелердин өкүлдөрү катышты. Негизги көңүл аялдардын жана жаштардын санариптик көндүмдөрүн өнүктүрүү, аялдардын STEM жана санариптик ишкердикке катышуусу, ошондой эле инклюзивдүүлүк жана санариптик коопсуздук маселелерине бурулду.

  KICB банктык кызматтарды жеткиликтүү, тез жана коопсуз кылуу менен санариптик чечимдерди активдүү ишке ашырууда. Кардарлардын арасында да, банктын командасында да аялдарды колдоого өзгөчө көңүл бурулат.

  ЕРӨБ менен өнөктөштүктө KICB ишкер аялдарды колдоого багытталган «Мыкты Айым» программасын ишке ашырууда. Ал туруктуу бизнести өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүү үчүн каржылык колдоо жана окутууну айкалыштырат. Белгилей кетсек, KICB кызматкерлеринин жарымынан көбү аялдар, анын ичинде санариптик адистер. Бул аялдардын санариптик экономиканы өнүктүрүүгө катышуусу абстракция эмес, чындык экенин тастыктайт.

  Санарип билимге жетүүнү кеңейтүү, маалымат сабаттуулугу жана киберкоопсуздук – бул биздин жалпы келечегибизге инвестиция.


 

 

Улуттук банктын №046 уруксаттамасы