27 2026
KICB «Green Foundation» програаммасынын алкагында өлкөнүн билим берүү мекемелерине 700 көчөт отургузду
KICB «Green Foundation» програаммасынын алкагында өлкөнүн билим берүү мекемелерине 700 көчөт отургузду
2001-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана эл аралык финансылык институттар тарабынан негизделген KICB быйыл өзүнүн 25 жылдык мааракесин белгилейт — бул туруктуулуктун, ишенимдүүлүктүн жана «жакшы жашоо үчүн ишенимдүү банк» деген миссияны ырааттуу ишке ашыруунун чейрек кылымы.
Акыркы 14 жыл ичинде Жашылдандыруу фондунун мүчөлөрү Кыргызстандагы билим берүү мекемелеринде жашыл аянттарды көбөйтүү демилгесин активдүү колдоп келишет. Бул демилгенин негизги максаты — мектептердин жана бала бакчалардын аймагында балдар үчүн экологиялык жактан таза жана ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле өспүрүмдөрдө жаратылышка болгон сүйүүнү, планетанын келечеги үчүн жоопкерчилик сезимин калыптандыруу. Ар бир отургузулган көчөт — бул келечекке жасалган салым.
Жашылдандыруу фонду иш алып барган мезгилде KICB өзүнүн өнөктөштөрү — «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык коомдук фонду жана Ага Хан өнүктүрүү уюму менен биргеликте 21 миңден ашуун көчөт отургузду жана бүгүнкү күндө да Бишкек шаарында жана өлкөнүн бардык аймактарында билим берүү мекемелерин жашылдандырууну улантууда.
2026-жылы KICB Баткен, Талас жана Ош облустарындагы, ошондой эле Бишкек жана Чүй облусундагы билим берүү мекемелеринде, Токмок шаарындагы коомдук паркта жана Бишкектеги «Үмүт-Надежда» адистештирилген интернатында бак-дарактарды отургузуу иштерин жүргүздү. Бул банк үчүн инклюзивдүүлүккө жана адам капиталын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулуп жатканын тастыктайт.
2012-жылдан бери Жашылдандыруу фонду көчөт отургузуу аркылуу экологиялык таасир гана жаратпастан, узак мөөнөттүү баалуулукту да түзүп келет — көмүртек изин азайтууга жана жаш муундун экологиялык аң-сезимин калыптандырууга салым кошууда.

«KICB үчүн туруктуу өнүгүү — бизнес-стратегиянын ажырагыс бөлүгү. Банктын 25 жылдыгын белгилеп жатып, биз өлкөнүн келечегин жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталган долбоорлорго инвестиция салууну улантабыз. Жашылдандыруу фонду — бул экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жана аймактарды колдоого кошкон салымыбыз», — деп белгиледи KICB Башкармалыгынын төрагасы Али Ариф.

ESG факторлорун KICB ишмердүүлүгүнө интеграциялоо банкка тобокелдиктерди натыйжалуу башкарууга, эл аралык стандарттарды киргизүүгө жана коом үчүн кошумча баалуулук жаратууга мүмкүнчүлүк берет. Жашылдандыруу фонду банктагы эң туруктуу жана масштабдуу долбоорлордун бири болуп, өнөктөштүктү, экспертизаны жана узак мөөнөттүү өнүгүү багытын бириктирет.

Белгилей кетсек, KICB ESG багытында бир катар демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырды:
- 1,3 миллиард сом өлчөмүндө туруктуу өнүгүү облигацияларын жайгаштырды;
- Кыргызстандык студенттер үчүн стипендиялык программаны түзүп, 2,1 миллион сомдон ашуун каражат бөлдү;
- 2014-жылы Бишкек шаарындагы Эркиндик бульварын реконструкциялоого салым кошту;
- аял ишкерлерди колдоо максатында «Мыкты айым» долбоорун ишке киргизди..
KICB туруктуу өнүгүү боюнча биринчи отчетун жарыялап, узак мөөнөттүү ESG-стратегиясынын негизин түздү жана өзүнүн негизги өнүгүү багыттарын аныктады. Банктын туруктуу каржылоо системасы ICMA жана LMA эл аралык принциптерине толук шайкеш келет. Бул KICBди жоопкерчиликтүү инвестициялоонун глобалдык экосистемасына интеграциялап, долбоорлорду тандоодон тартып каражаттарды максаттуу пайдаланууну көзөмөлдөөгө чейин толук ачыктыкты жана отчеттуулукту камсыз кылат.