KICB өнөктөштөрү менен 1800дөн ашуун көчөт отургузду!

11 2025

KICB өнөктөштөрү менен 1800дөн ашуун көчөт отургузду!

KICB өнөктөштөрү менен 1800дөн ашуун көчөт отургузду!


  «Green Foundation» жылдык экологиялык демилгесинин алкагында KICB, Роза Отунбаеванын демилгеси Фонду жана Ага Хан өнүктүрүү тармагы менен биргеликте чоң иш-чара өткөрдү – Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы 12 билим берүү мекемесине: №25, №40 орто мектептери, №21, №24, №29, №27 мектепке чейинки билим берүү мекемелери, №1 Ч. Айтматова атындагы мектеп-гимназиясы, №3 мектеп, Чүй мектеп-интернаты, Лайлиева атындагы Кеңбулуң мектеби, К.Табалдинова атындагы орто мектеби жана Гидростроитель атындагы Ленин айылындагы орто мектебинде бак-дарактарды отургузду.


  Райондун климатына ыңгайлашкан, балдардын ден соолугуна жана абанын сапатына жакшы таасир этүүчү бак-дарактардын жана бадалдардын 1813 көчөттөрү отургузулду: кайың, мажүрүм тал, каштан, карагай, гибискус, сирень, куурай, алмурут, алма, карагат, клен. «Green Foundation» демилгеси ишке киргенден 2012-жылдан бери отургузулган көчөттөрдүн жалпы саны 20 500дөн ашты.


  «Green Foundation» демилгесинин өзгөчөлүгү жыл сайын көчөттөр мектеп жана бала бакчалардын аймагына гана отургузулат. Бул кокусунан эмес — тарбиялык чөйрөдө жаратылышка болгон жоопкерчиликтүү мамиленин пайдубалы түптөлөт. Балдар үчүн ыңгайлуу, жашыл жана таза чөйрөнү түзүү менен биз билим алуу жана өнүгүү шарттарын жакшыртып гана тим болбостон, аларда экологиялык ой жүгүртүүнү, айлана-чөйрөгө кам көрүү маданиятын жаш кезинен тарта өнүктүрөбүз. Бул Кыргызстандын туруктуу келечегине кошкон маанилүү салым.


  «Бүгүнкү күндө дүйнөдөгү эң орчундуу көйгөйлөрдүн бири экология. Аны чечүү үчүн жарандарга гана эмес, бизнеске, мамлекеттик жана башка мекемелерге да жоопкерчилик жүктөлөт. Көптөгөн компаниялар туруктуу мамилени ишке ашыруу, айлана-чөйрөгө келтирилген зыянды азайтуу аркылуу өз бизнесин өнүктүрүүгө умтулушат. KICB Кыргызстанда биринчилерден болуп корпоративдик социалдык жоопкерчиликти жана ESG принциптерин өзүнүн иш-аракетинин чөйрөсүнө киргизгендиктен, өз ишинин негизги багыты катары эсептеген. Банк негизделгенден бери экологиялык демилгелерди колдоп, энергияны үнөмдөө боюнча долбоорлорду каржылап, калктын социалдык аялуу катмарына колдоо көрсөтүп келет. Биз кыргызстандыктардын бардык муундары экологиялык жактан таза өлкөдө жашап, жаратылышыбыздын бардык кооздугун жана биологиялык ар түрдүүлүгүн көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушун каалайбыз», - деди көчөт отургузуу аземинде KICB Башкармалыгынын Төрагасы Али Ариф.


  «Green Foundation» 2012-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан коммерциялык эмес демилге болуп саналат, анын максаты Бишкек шаарындагы жана Кыргызстандын башка шаарларындагы мектептерди жана бала бакчаларды жашылдандыруу, ошондой эле балдарга экологиялык билим берүү, аларда айлана-чөйрөгө кам көрүү боюнча билимдерди жана баалуулуктарды калыптандыруу болуп саналат.

Шилтеме:
«Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банкы» ЖАК (KICB) 2001-жылы түзүлгөн. Уставдык капиталы: 23 млн. АКШ доллары. Банктын республика боюнча 57 филиалы бар, алар банктык кызматтардын толук спектрин көрсөтөт. Citibank Кыргызстандагы расмий өнөктөшү.
www.kicb.net