KICB Mastercard Black Edition премиалдык картасын чыгарууну баштады

21 2026

KICB Mastercard Black Edition премиалдык картасын чыгарууну баштады

KICB Mastercard Black Edition премиалдык картасын чыгарууну баштады

KICB карталар линиясын кеңейтип, премиалдык сегменттеги - Mastercard Black Edition жаңы банк карталар эмиссиясын баштады. Бул эксклюзивдүү өндүрүм максималдуу ынгайлуулукту, кынтыксыз тейлөөнү жана дүйнө жүзү боюнча өзгөчө артыкчылыкты баалагандарга арналган.

Mastercard Black Edition негизги артыкчылыктары:

  • Бизнес залдарга кирүү: LoungeKey программасы аркылуу аэропорттордун ыңгайлуу залдарына жылына10 жолу бекер кирүү мүмкүнчүлүгү.

  • Текшерүүдөн тез өтүү: Fast Track системасы аркылуу Mastercard Travel Pass программасы менен жылына10 жолу бекер өтүү.

  • Аэропорттордун ресторандарында атайын сунуштар: 10% дан 25% га чейин арзандатуулар жана Mastercard Travel Pass аркылуу эл аралык аэропортторунун кафе менен ресторандарында атайын акциялар.

  • Саяктаттагы коргоо: карта ээсин жана анын үй бүлөсүн 1 500 000 USD чейин эл аралык камсыздандыруу (медициналык чыгымдар, сапарды жокко чыгаруу, рейстин кармалышы, жүктүн жоголушу жана башка тобокелдиктерди камтыйт).

  • Дүйнөлүк арзандатуулар: Booking.com, Avis, Hertz, HoteLux, YOOX жана башка ушул сыяктуу глобалдык өнөктөштөрдөн эксклюзивдүү сунуштар.

Өзүңүз үчүн Mastercard Black Edition менен бирге өзгөчө тейлөө жана артыкчылыктар дүйнөсүн ачыңыздар. Картаны алуу үчүн билдирмени каалаган банктын бөлүмүндө же уюлдук тиркеме аркылуу берсеңиз болот.