KICBден акция “Кытай жана дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө бекер акча которуулар”!

1 2026

KICBден акция “Кытай жана дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө бекер акча которуулар”!

KICBден акция “Кытай жана дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө бекер акча которуулар”!

25-жылдыгына карата KICB China Union Pay төлөм системасынын Money Express системасы аркылуу “Кытай жана дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнө бекер акча которуулар” акциясын баштады. Эми чет жердеги туугандарга, досторго же студенттерге акча которуу тез гана эмес, бекер да болуп калды. Бул акцияга Кыргызстандын жарандары да, резидент эместер да катыша алат. Эң башкы талап – KICBнин мобилдик тиркемеси болуш керек.

KICBнин мобилдик тиркемеси аркылуу Money Express акча которууларынын артыкчылыгы эмнеде?

  • Акция учурунда Money Express системасы аркылуу бардык которуулар – БЕКЕР!

  • Money Express которуулары ЭЛ АРАЛЫК, андыктан China Union Pay төлөм карталарынын ээлери акчаны Кытай, КМШ өлкөлөрү, Европа, Азия, Түндүк Америка, Африка ж.б дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөлөрүндө ала алат.

  • Money Express – бул ЫКЧАМ которуулар. KICBнин мобилдик тиркемесинде бир-эки басуу менен эле каражаттар алуучунун China Union Pay картасына түшөт.

  • Акча которуулар картанын номери да, телефондун номери аркылуу да ишке ашырылат.

Акча каражаттарын бекер банк эсебинен же KICBнин мобилдик тиркемесиндеги картадан которсо болот:

  1. Мобилдик тиркемедеги “Төлөмдөрдү” тандаңыз. Андан соң “Башка банктын картасын толуктоону”, “UnionPay карталарына которууну”.
  2. Акча которуу жөнөтүлүп жаткан эсепти тандаңыз (АКШ доллары же Кытай юаны).
  3. Алуучунун картасынын номерин же телефон номерин жана анын аты жөнүн (Фамилия, атын, атасынын атын), сумманы киргизип, “Даярды” басыңыз.

Акча ыкчам түрдө алуучунун картасынын валютасында которулат. Которууну KICBнин мобилдик тиркемесиндеги эсептен же карта эсебинен жүргүзсө болот. Которулган каражаттын минималдык суммасы 2 000 сом, максималдык суммасы – 250 000 сом, күндүзгү лимит – 500 000 сом.

Эскертебиз, акция 2026-жылдын 01-октябрынан 2026-жылдын 31-декабрына чейин уланат. China Union Pay картасына бекер акча которуп, дээрлик дүйнө жүзү боюнча досторду, студенттерди, туугандарды колдоңуз.

KICB – 25 жыл коопсуздук жана ишенимдүүлүк!