10 2026
KICBнин «Элкарт+» менен артыкчылык ал!
KICBнин «Элкарт+» менен артыкчылык ал!
KICB күнүмдүк төлөмдөрдөн көбүрөөк пайда алууну каалаган активдүү кардарлар үчүн «Элкарт+ менен плюста бол» аттуу акцияны баштайт.
«Элкарт+» - бул заманбап контактсыз карта. Анын жардамы менен Кыргызстан боюнча дүкөндөрдө, кафелерде, медициналык борборлордо, тейлөө түйүндөрүндө жана интернет аркылуу ыңгайлуу төлөм жүргүзө аласыз.
KICBнин «Элкарт+» картасы менен товарлар жана кызматтар үчүн төлөм жүргүзгөн бардык активдүү кардарлар автоматтык түрдө акциянын катышуучулары болуп саналат.
Ар жума сайын накталай эмес төлөмдөрдү эң көп жүргүзгөн кардарлардын арасынан 3 жеңүүчү аныкталып, ар бири 10 000 сомдон утуп алышат.
Акциянын негизги байгеси — ЭКИ КИШИГЕ САЯКАТ, ал акциянын бардык мезгилинин жыйынтыгы боюнча эң активдүү колдонуучуга берилет.
Акцияга катышуудан тышкары, «Элкарт+» картасынын ээлери бир катар туруктуу артыкчылыктарга ээ болушат. Анын ичинде «Манас» эл аралык аэропортунда атайын шарттар каралган:
- бизнес-залга кирүү - 1 300 сом (баруу саны чектелбейт);
- жүктү таңгактоо кызматы - 400 сом (жылына чектөөсүз).
Картанын кошумча артыкчылыгы - минималдуу 10 000 сом калдыгы болгон учурда каражаттын калдыгына жылына 3% эсептелиши, ошондой эле картаны акысыз чыгаруу жана биринчи жылдагы акысыз тейлөө.
«Элкарт+» картасын KICB мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн же банктын каалаган бөлүмүнөн тариздөөгө болот.
KICBнин «Элкарт+» картасы - бул жөн гана күнүмдүк төлөмдөр үчүн ыңгайлуу карта эмес, бул ар күнү плюста болуу мүмкүнчүлүгү.
Акция 2026-жылдын 10-майына чейин уланат.
KICB - ишенимдүү банк!
КРУБ лиц. 046
«KICB банкынан Элкарт+ менен артыкчылык ал» акциясынын эрежелери жана шарттары