KICB Үрүмчү шаарынын Тышкы соода палатасы жана «Кыргызстан-Кытай Достук» эл аралык коомдук бирикмеси менен меморандумдарга кол койду

12 2026

KICB кыргыз-кытай мамилелерин өнүктүрүүгө багытталган алдыңкы уюмдар менен өз ара кызматташуу боюнча эки тараптуу меморандумдарга кол койду. Иш чаранын алкагында эки келишим түзүлдү. Биринчи меморандум Үрүмчү шаарынын Тышкы соода палатасы менен, экинчи меморандум “Кыргызстан-Кытай достук” эл аралык коомдук бирикмеси менен кабыл алынды.

Биргелешкен өнөктөштүк – экономикалык кызматташтыкты бекемдөөгө, Кыргыз Республикасындагы кытай компаниялары үчүн ишкердик жана инвестициялык климатты жакшыртууга, ошондой эле аларды банктагы эффективдүү жана жеткиликтүү тейлөө менен камсыздоого багытталган.

Кол коюу аземине KICB Башкармалыгынын Төрөгасы Ариф Али мырза, Үрүмчү шаарынын Тышкы соода палатасынын Президенти Янг Хонгмей айым жана “Кыргызстан-Кытай Достук” эл аралык коомдук бирикмесинин катчысы Уланбек Жалилов катышты.

Маалымат үчүн:

Үрүмчү шаарынын Тышкы соода палатасыСУАР Үрүмчү шаарынын муниципалитетинин алдындагы консультативдик орган. Анын мүчөлөрү Үрүмчү шаарынын ишканалары жана компаниялары.

“Кыргызстан-Кытай Достук” эл аралык коомдук бирикмеси экономикалык, социалдык жана коомдук өнүгүү багытында иш алып барат. Негизги миссиясы – гуманитардык, социалдык долбоорлор жана ишкердик диалогу аркылуу кыргыз-кытай кызматташтыгын бекемдөө.