KICB менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы «КС ИНТЕРНЕШНЛ» компаниясынын кеңейишин каржылайт

5 2026

KICB менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы «КС ИНТЕРНЕШНЛ» компаниясынын кеңейишин каржылайт

KICB менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы «КС ИНТЕРНЕШНЛ» компаниясынын кеңейишин каржылайт

KICB менен Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) «КС ИНТЕРНЕШНЛ» компаниясынын ишмердигин кеңейтүү боюнча долбоорду каржылоо үчүн кредиттик келишим түздү.


Тартылган каражаттарды компания соода жүгүртүүнү жогорулатууга жана өзүнүн брендин андан ары өнүктүрүүгө жумшайт.


Кол коюу аземине KICB кредиттик ишмердүүлүгүнүн жетекчиси Азамат Киргизбаев, ЕРӨБ Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча директору Нодира Мансурова, ЕРӨБ Борбордук Азия жана Монголиядагы аймактык директору Хусеин Озхан жана «КС ИНТЕРНЕШНЛ» компаниясынын башкы директору Чынар Ашыралиева катышты.

Маалымат үчүн:

Европалык Реконструкция жана Өнүктүрүү Банкы (ЕРӨБ) - эл аралык финансылык институт. Өлкөлөргө ийгиликтүү базар экономикасына өтүүгө колдоо көрсөтүү үчүн үч континентте иш алып барат. ЕРӨБ ыкмасы каржылоону, эксперттик колдоону жана мыйзам чыгарууну реформалоону камтып, узак мөөнөткө позитивдүү өзгөрүүнү камсыздайт. 1991 – жылдан бери 7400 долбоорго 210 млрд. евродон ашуун каражаты инвестицияланган.

«КС ИНТЕРНЕШНЛ» - 20 жылдан ашык убакыттан бери чекене соода тармагында иш алып барган, Кыргызстан менен Казакстан рыногундагы Neri Karra, Crocs, New Balance жана башка бренддерди өнүктүрүүгө адистешкен компания.