Жаңылыктар

Жаңылыктар
Жаңылыктар
Жаңылыктар

KICB жана ЕРӨБ Кыргызстандагы алдыңкы фэшн-ритейлер «Goodwill Company» ЖчКнын өнүгүшүн каржылайт

KICB и ЕБРР

KICB Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) менен бирге «Goodwill Company» ЖчКсын каржылоо боюнча кредиттик келишим түздү. Бөлүнгөн каржы ресурстары компаниянын айланма капиталын толуктоого жумшалат. Бул анын өлкөнүн чекене рыногунда позициясынын бекемделишине өбөлгө түзөт.

Кол коюу аземине KICBнин кредиттик ишмердүүлүгүнүн жетекчиси Азамат Киргизбаев, KICBнин Башкармалыгын мүчөсү Елена Бубнова, ЕРӨБдүн Кыргыз Республикасы, Тажикстан жана Түркмөнстан боюнча директору Нодира Мансурова, ЕРӨБдүн Борбордук Азия боюнча Өндүрүш жана кызмат көрсөтүү департаментинин башкы банкири Батыр Худайназаров, «Goodwill Company» ЖчКнын директору Александр Коптев, ошондой эле ЕРӨБ тарабынан долбоордун жетекчиси Вира Хавращук жана ЕРӨБдүн башка расмий өкүлдөрү катышты.

KICB и ЕБРР

«Goodwill Company» ЖчКсы Кыргызстандын рыногунда 2004-жылдан бери иштеп келет жана бүгүнкү күндө өлкөдөгү саркеч кийимдердин, бут кийимдердин жана спорттук товарлардын алдыңкы ритейлери (чекене сатуучусу) болуп саналат. Компания күнүмдүк стилден баштап премиум-класска чейинки керектөөчүлөрдүн кеңири сегментин камтуу менен Boss, Karl Lagerfeld, Marc O’Polo, Mango, Mexx, Mustang, Tom Tailor, Jack & Jones сыяктуу бир катар дүйнөгө таанылган бренддердин расмий дистрибьютору жана өкүлү катары иш алып барат.

KICB жана ЕРӨБ тарабынан биргелешип каржылоо боюнча жаңы келишим соода ишканасына кошумча финансылык ийкемдүүлүктү камсыздайт, жеткирүү чынжырларын оптималдаштырууга жана фирмалык чекене дүкөндөр тармагында кыргызстандык сатып алуучулар үчүн жеткиликтүү болгон товарлардын ассортиментин кеңейтүүгө жардам берет.

KICB – 25 жылдык коопсуздук жана ишенимдүүлүк!