KICB Глобалдуу акча жумалыгы – 2026 алкагында жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрдү

31 2026

KICB Глобалдуу акча жумалыгы – 2026 алкагында жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрдү

KICB Глобалдуу акча жумалыгы – 2026 алкагында жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрдү

Кыргызстанда өткөн Глобалдуу акча жумалыгы – 2026 алкагында «Акчаны туура колдонуу - үйдө береке» урааны менен KICB жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатууга жана туруктуу финансылык көндүмдөрдү калыптандырууга багытталган масштабдуу билим берүү демилгесин ишке ашырды.
Банк өлкө боюнча студенттерди жана мектеп окуучуларын камтыган бир катар билим берүү иш-чараларын өткөрдү. Демилге алдыңкы билим берүү мекемелерин да, KICBнин филиалдык тармагын да камтып, иш-чаралар Бишкек, Ош, Нарын, Жалал-Абад, Талас, Ысык-Көл облусу жана башка аймактарда өттү.
Иш-чаралар практикалык билим берүүгө багытталып, катышуучулар жеке финанстарды башкаруунун негиздерин, финансылык коопсуздуктун принциптерин жана заманбап экономика шартында туура финансылык чечимдерди кабыл алуу ыкмаларын өздөштүрүштү.


Ошондой эле туруктуу финансылык адаттарды калыптандырууга, финансылык инструменттерди жоопкерчиликтүү пайдалануу маданиятын өнүктүрүүгө жана алдамчылык коркунучтары тууралуу маалымдуулукту жогорулатууга өзгөчө көңүл бурулду - булар каржы кызматтарынын активдүү санариптешүүсү шартында өзгөчө маанилүү.
Жалпысынан банк филиалдарында жана алдыңкы билим берүү мекемелеринде 17ден ашык лекция жана экскурсия өткөрүлдү.
Кыргызстандагы алдыңкы финансылык институттардын бири катары KICB финансылык сабаттуулукту өнүктүрүүгө туруктуу негизде инвестиция салып, аны туруктуу экономикалык өсүштүн жана коомдун жыргалчылыгын жогорулатуунун маанилүү фактору катары карайт. Ишке ашырылып жаткан демилгелер финансылык чөйрөдө эркин багыт ала алган, жоопкерчиликтүү чечим кабыл алган жана өз ресурстарын узак мөөнөттүү башкарган жаңы муунду калыптандырууга багытталган.