Apple Pay KICBнин карта ээлери үчүн жеткиликтүү болду

28 2026

Apple Pay KICBнин карта ээлери үчүн жеткиликтүү болду

Apple Pay KICBнин карта ээлери үчүн жеткиликтүү болду

Apple Pay KICB

KICB тарабынан чыгарылган Visa жана Mastercard карталарынын ээлери – ылдамдык менен ыңгайлуулукту тартуулаган, мобилдик төлөмдөр сферасын толук өзгөрткөн, жеңил, коопсуз жана жеке төлөм куралы болгон Apple Pay менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту.

Apple Pay'дин негизи болуп коопсуздук жана конфиденциалдуулук эсептелет. Картаны Apple Pay'ге кошкондо, картанын номери түзүлүштө да, Apple Pay'дин серверинде да сакталбайт. Ар бир түзүлүш уникалдуу номерге ээ. Ал жашырылып, сиздин түзмөктөгү "Коопсуз элемент" чибинде бекем сакталган. Ар бир операция уникалдуу бир жолку жашыруун код аркылуу авторизация болот.

Apple Pay'ди орнотуу өтө жөнөкөй. Сиз iPhone телефонуңузда KICBнин төлөм картасын KICBнин мобилдик тиркемесинен же Wallet тиркемесинен кошосуз. Apple Pay менен дүкөндөрдө iPhone SE, iPhone 6 жана кийин чыккан моделдер же Apple Watch менен төлөсөңүз болот. Ошондой эле Apple Pay тиркемелерде жана вебсайттарда Touch ID бармактын бир басымы же капталдагы баскычты 2 жолу басуу менен сатып алууларды жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Apple'дин каалаган түзүлүштөрүнөн сатып алууларды ыңгайлуу, жеңил жана коопсуз жүргүзүңүз! Apple Pay тууралуу кененирээк окуңуз: https://kicb.net/kg/private/apple-pay/

KICB – мыкты жашоо үчүн ишенимдүү банк!

КРУБ 046 лицензиясы