30 2026
KICB UnionPay карталарына Кытайга ыкчам которууларды сунуштайт
KICB UnionPay карталарына Кытайга ыкчам которууларды сунуштайт
KICB эл аралык акча которуулар мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү менен UnionPay төлөм системасынын банктык карталарына ыкчам которуулар кызматын ишке киргизет.
Кытайдагы өнөктөшүңүзгө, досуңузга же студентке акча каражатын тез жана коопсуз жөнөтүүнү каалайсызбы? Эми муну бир нече кадам менен оңой аткара аласыз.
KICB мобилдик тиркемесине кирип, «Төлөмдөр» бөлүмүн тандаңыз → «Башка банктын картасын толуктоо» жана ачылган терезеден «UnionPay карталарына которуу» бөлүмүн басыңыз.
Которуулар карта номер боюнча жүргүзүлүп, каражат алуучунун картасынын валютасында дароо түшөт, жөнөтүү USD валютасында эсеп же карта аркылуу жеткиликтүү.
Бир операциянын минималдуу суммасы - 2 000 сом, максималдуу - 250 000 сом, күндүк лимит - 500 000 сом, комиссия - которуу суммасынан 1% (минимум 2 USD).
Эми банк кардарлары UnionPay карталарына, Кытайда жана башка өлкөлөрдө чыгарылган карталарга, каражатты тез жана ыңгайлуу жөнөтө алышат.