Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду
Акционерлер
Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду
Ага Хан экономикалык өнүктүрүү фонду (72%) өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө экономикалык өнүктүрүү маселесин колго алган Ага Хан өнүктүрүү түйүнүнүн бир бөлүмү болуп саналат. Фонд үлүштүк катышуу, кесиптик жактан тескөөгө алуу жана техникалык колдоо аркылуу экономикалык иштөөгө жөндөмдүү ишканаларды түзүүгө көмөктөшөт. Фонд– бул, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн, айрыкча Африка жана Азия өлкөлөрүнүн өзгөчө шарттарда жашаган райондорундагы жашоо деңгээлин жакшыртуу, алардын экономикалык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү максатын көздөгөн өнүгүү боюнча менчик агенттиктер тобу. Фонд Түштүк жана Борбордук Азиянын жыйырмага жакын өлкөлөрүндө, Африкада өнөр жайы, финансылык кызмат көрсөтүүлөр, туризм сыяктуу секторлордо өз ишин активдүү жүргүзүп, 1 миллиард АКШ долларынан ашуун өлчөмдөгү активдерди контролдоп, өнүгүп келет жаткан өлкөлөрдүн экономикасынын өнүгүшүнө олуттуу салым кошуп келет.