Банктык кепилдик
Банктык кепилдик – банктын үчүнчү жак үчүн эгерде бул тарап өз милдеттенмелерин аткарбаса, башка банкка, компанияга же кимдир бирөөгө келишим, кредит же карыз баалуу кагазы боюнча төлөп берүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү убадасы.
Аткаруучу (принципал) үчүн кепилдиктин артыкчылыктары:
- муниципалдык жана мамлекеттик буйрутмачылар үчүн кызмат көрсөтүүгө катышуу жана товарларды жеткирүү;
- контрагенттен банктык кепилдик камсыздаган товардык кредитти алуу;
- кепилдик берилген кызмат көрсөтүү жана товарлар үчүн контрактка ылайык сумманы төлөөнү кийинкиге жылдыруу;
- негизинен кепилдик үчүн төлөм кредиттик пайыздарга караганда аз.
Буйрутмачы (бенефициар) үчүн кепилдиктин артыкчылыктары:
- кепилдик жогорку ишенимдүүлүккө ээ, аларды тез жүзөгө ашырууга болот;
- аткаруучунун милдеттенмелерди аткаруусу;
- бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди буйрутмачы менен аткаруучунун ортосунда бөлүштүрүү;
- келишимде каралган бардык милдеттенмелерди эки тарабтын аткаруусу;
- буйрутмачыны мезгилдүү жана авансылык төлөмдөр менен байланыштуу тобокелдиктерден коргоо.
Банктын тарифтери
Комиссия | Чен | Min | Max |
---|---|---|---|
Берүү үчүн комиссия (акча күрөөсү менен эмес) | жылдык 6% же 1.5% кварталда | 150 АКШ доллары | |
Берүү үчүн комиссия (акча күрөөсү менен) | 1% (бир жолу) | 150 АКШ доллары | |
БК текстине өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн комиссия | 100 АКШ доллары | ||
SWIFT-билдирүү үчүн комиссия | Банктын Тарифтерине ылайык | ||
Ырастоо үчүн комиссия | макулдашуу боюнча | ||
Авизалоо | 100 АКШ доллары | ||
Өзгөртүүлөрдү авизалоо | 50 АКШ доллары | ||
Маалым каттар, суроо-талаптар, Кепилдиктин аныктыгын текшерүү | 2 500 сом | ||
Жокко чыгаруу үчүн комиссия | колдонулбайт |