рекомендовать страницу


ОТПРАВИТЬ ССЫЛКУ НА ПОЧТУ

Отправить еще



ЭЛСОМдун жаңы досу пайда болду! / У ЭЛСОМ появился новый друг! / 19.12.2017

«ФИНКА Банк» ЖАК жанаKICBЖАК банктар ортосундагы достуктун жагымдуу үлгүсүн көрсөтүштү. Өздөрүнүн ресурсун кардарларынын бакубаттыгы үчүн бириктирип, эки банк тең уникалдуу ата мекендик продуктту –ЭЛСОМэлектрондук капчыгын өнүктүрө баштайт.

Эки маанилүү секторду – банктык жанаITнин тыгыз интеграциясы– бул финансылык кызмат көрсөтүү дүйнөсүндөгү заманбап тренд. Мындай байланыш банктык продуктулук жолдордун көп түрдүүлүгүн жана туруктуу өсүшүн камсыздайт.   

Мобилдик телефонду бир басуу менен эле бардык банктык кызматтарга мүмкүнчүлүк алуу – бул жакында эле фантастика сыяктуу сезилчи эле. Бүгүн бул реалдуулук. ЭЛСОМ – бул IT банк чөйрөсүнүн ортосундагы мындай мыкты айкалышты далилдеген көпүрө.

Электрондук капчыктын ыңгайлуу жана көп профилдүү функционалы, туруктуу бөлүмдөрү бар, пластик карталары жана банкоматы бар кадимки банкингдерди көп жагынан артында калтырды. Жаңы муундагы виртуалдык капчык бардык курактагы пайдалануучулар арасында эле популярдуу болуп калды., ал эми бул абдан маанилүү.

Пайдалануучуларынын саны 300 миңден ашып кеткен так ушул ЭЛСОМ эки ири финансылык мекеме -  «ФИНКА Банк» ЖАК жана «Кыргыз Инвестициялык-Кредиттик Банк» ЖАК үчүн бириктирүүчү аянт болуп калды.

FINCA Банк жана KICB стратегиялык сапаттагы кызматташуу багыты катары ЭЛСОМ электрондук капчыгын бирге жайылтууну сүйлөшүштү. Эки ЖАКтын акционерлери алардын банктары Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнө жарандарга инновациялык жана реалдуу талап кылынган банктык кызмат көрсөтүү менен көмөк көрсөтүүсүн каалашат. Алардын бири, албетте, ЭЛСОМ, анын жардамы менен Кыргызстандын банк бөлүмдөрү жок алыскы бурчтарда финансылык операциялар өткөрүлүүдө.

Мындай кызматташуудан кардарлар кандай пайда алат?

-          Баарынан мурда бул агенттик тармактардын жана ЭЛСОМ пайдалануучулардын тейлөө түйүндөрү. Эми республика аймагында 100дөн ашык мындай пункт бар.   

-          Мындан ары KICB жана FINCA Банк кардарлары кредиттерди ЭЛСОМ каражаты аркылуу  төлөй алышат.

-          ЭЛСОМ бонустук программасынын өнөктөрүнүн айланасы олуттуу кеңейип, электрондук капчыкты пайдалануучуларга бир кыйла артыкчылыктарды берет жана көптөгөн кызыктуу акцияларды сунуштайт.

ЭЛСОМ артыкчылыгы:

- Бардык эсептешүүлөр онлайн режиминде ишке ашат.

- Капчык коммуналдык кызматтардын төлөмү, телефон балансын толтуруу, капчыктан капчыкка каражаттарды которуу, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу, мейманканаларда жана пансионаттарда номерлерди брондоо сыяктуу  көптөгөн ыңгайлуу операцияларды ишке ашырууга мүмкүндүк берет.

- Бизнесмендер ЭЛСОМду эмгек акыны же сыйакыны төлөө үчүн пайдаланышат.

- Коммерциялык объектилердин администрацияларыЭЛСОМ аркылуу ижара акыларын топтойт.

- Каалаган учурда пайдалануучу электрондук капчыгындагы акчаны накталай алат.

Мындай инновациялык продуктуну түзүү олуттуу финансылык каражаттар салынды, ошондой эле жогорку квалификациядагы адистердин командасынын маңдай терин төккөн эмгеги сарпталды. Анын башкы максаты ЭЛСОМду пайдаланууну ыңгайлуу кылып берүү, ошол эле учурда толук коопсуздук системасын камсыздоо жана тиешелүү мыйзам актыларын сактоо болуп эсептелет. Электрондук капчыктын IT платформасы төлөм чечимдеринин дүйнөлүк алдыңкы провайдерлеринин бирин сунуштады.  Бул дүйнөдөгү ийгиликтүү тестирленген система. Ал маалыматтын чыгышын толук жок кылат жана адамдык факторлордун кандайдыр бир таасирин жок кылат.

ЭЛСОМ дайыма жаңы дос-өнөктөрдүн болушун каалайт, анткени бул электрондук төлөмдөр рыногунун өнүгүшүнө түрткү берет жана пайдалануучуларга жеке бухгалтерия жүргүзүүсүн жеңилдетет. Алардын бири болуңуз жана бул системанын көп сандаган артыкчылыктарына ээ болуңуз.

ЭЛСОМ деген эмне?

Төлөмдөрдү тез жана коопсуз ишке ашырууга мүмкүндүк берген мобилдик капчыгыңыз! Убактыңызды үнөмдөңүз жана жашоонун баалуу учурларын өткөрүп жибербеңиз!

Кантип туташса болот?

Сиз каалаган сим картаңызды ЭЛСОМ мобилдик капчыгыңызга туташтырсаңыз болот. Капчыктын номери болуп телефон номери эсептелет, бирок мобилдик телефондун балансы капчыктын балансы менен байланышпайт.

Иш-аракеттердин ырааттуулугу:

  • ЭЛСОМ жеФИНКА ЭЛСОМ тиркемесинPlay Marketтен жүктөп алыңыз
  • Андан ары тилдерди тандаңыз: Кыргыз, орус же англис                                                    
  • Телефондун номерин киргизиңиз, ал капчыгыңыздын номери болуп калат
  • Сизге кийинкидей маалыматтарды киргизүү сунушталат:

a) Аты

b) Фамилия                                                                                                                                                

  • Минимум 6 цифра же тамгадан турган сырбелги ойлоп табыңыз
  • Жарыя оферта менен тааныштым деп белги коюңуз. Суралган маалыматтар жөнөтүлгөндөн кийин, маалыматтарыңыз ийгиликтүү өткөндөн кийин сиз катталасыз.
  • Ийгиликтүү өтсөңүз, ЭЛСОМдо операцияларды өткөрүү үчүн Пин код менен бирге СМС тастыктоо аласыз.Алгачкы ПИН код бул 0000, аны өзүңүздүн 4 белгилүү ПИН-кодго алмаштыруу керек, аны сиз абдан бекем сакташыңыз керек.

Маанилүү! Элсом системасында катталуу бекер. Бирок мобилдик капчык менен өткөрүлгөн кээ бир операциялардан комиссия кармалышы мүмкүн.

Бардык жаралган маселелер боюнча,  «ФИНКА Банк» ЖАК жана«КИКБ»ЖАК кеңселерине кайрылыңыздар.


ЗАО «ФИНКА Банк» и ЗАО «КИКБ» явили приятный пример банковской дружбы. Объединив свои ресурсы ради блага клиентов, оба банка отныне будут развивать уникальный отечественный продукт – электронный кошелек ЭЛСОМ.

Тесная интеграция двух важных секторов - банковского и IT – это современный тренд в мире финансовых услуг. Такая связь обеспечивает стабильный рост и разнообразие банковской продуктовой линейки, открывает новые возможности для использования финансовых инструментов.  

Одним кликом на мобильном телефоне получить доступ ко всем банковским услугам - еще совсем недавно это было нечто из области фантастики. А сегодня уже реальность. ЭЛСОМ – это как раз продукт на стыке IT и банковской сфер, убедительное доказательство этого удачного сочетания.

Удобный и многопрофильный функционал электронного кошелька уже во многом превосходит привычный банкинг со стационарными отделениями, пластиковыми картами и банкоматами. Виртуальный кошелек нового поколения уже завоевал популярность среди пользователей всех возрастов, что очень важно.

Примечательно и то, что именно ЭЛСОМ, число пользователей которого уже перевалило за отметку 300 тысяч, стал объединяющей площадкой для двух крупных финансовых учреждений -  ЗАО «ФИНКА Банк» и ЗАО «Кыргызский Инвестиционно-Кредитный Банк».

FINCAБанк и KICBдоговорились совместно внедрять электронный кошелек ЭЛСОМ, выбрав это направление сотрудничества в качестве стратегического. Акционеры обоих ЗАО нацелены на то, чтобы их банки способствовали экономическому развитию Кыргызстана, предоставляя инновационные и реально востребованные гражданами банковские услуги. Одна из них, несомненно, ЭЛСОМ, благодаря которому можно проводить финансовые операции даже в самых отдаленных уголках Кыргызстана, где нет банковских отделений.

Какие выгоды от такого сотрудничества получают клиенты?

-          Прежде всего это расширение агентской сети и точек обслуживания пользователей ЭЛСОМ. Теперь по всей республике у нас более 100 таких пунктов. 

-          Отныне погашать кредиты посредством ЭЛСОМ могут клиенты и KICBи FINCAБанк.

-          Существенно расширяется круг партнеров бонусной программы ЭЛСОМ, которая предоставляет пользователям электронного кошелька массу привилегий и предлагает множество интересных акций.

Преимущества ЭЛСОМ:

- Все расчеты осуществляются в режиме онлайн.

- Кошелек позволяет совершать множество удобных операций, таких как оплата коммунальных услуг, пополнение баланса телефона, перевод средств с кошелька на кошелек, покупка товаров и услуг, бронирование номеров в гостиницах и пансионатах.

- Бизнесмены используют ЭЛСОМ для выплаты заработной платы или вознаграждения.

- Администрации коммерческих объектов собирают арендную плату через ЭЛСОМ.

- В любой момент пользователь может обналичить деньги, лежащие в его электронном «портмоне».

В создание этого инновационного продукта были инвестированы существенные финансовые средства, а также вложен кропотливый труд команды высококвалифицированных специалистов. Ее главной целью было сделать ЭЛСОМ удобным в использовании, но в тоже время обеспечить полную безопасность системы и соблюсти соответствующие законодательные нормы. IT платформу электронного кошелька предложил один из ведущих мировых провайдеров платежных решений. Это успешно протестированная система в мире. Она полностью исключает утечку информации и какое-либо влияние человеческого фактора.

ЭЛСОМ всегда приветствует новых друзей-партнеров, поскольку это стимулирует развитие рынка электронных платежей и заметно облегчает ведение личной бухгалтерии  пользователям. Станьте одним из них и сами оцените многочисленные плюсы этой системы.   

Что такое ЭЛСОМ?

Ваш электронный кошелек, позволяющий совершать платежи удобно, мгновенно, и безопасно! Экономьте Ваше время и не упускайте ценные моменты жизни!

Как подключиться?

Вы можете подключить любую сим карту к электронному кошельку ЭЛСОМ. Номером кошелька является номер телефона, но баланс мобильного телефона не связан с балансом кошелька.

Последовательность действий:

  • Скачайте Приложение ЭЛСОМ или ФИНКА ЭЛСОМ в Play Market или AppStore
  • Далее выберите язык: Кыргызский, Русский или Английский                                                    
  • Введите ваш номер телефона, который станет номером вашего кошелька
  • Вам будет предложено ввести следующие данные:

a) Имя

b) Фамилия                                                                                                                                                

  • Придумайте пароль, который должен состоять минимум из 6 цифр или букв
  • Отметьте галочкой, что вы ознакомились с Публичной Офертой                                                                                                                                                    
  • Как только запрашиваемые данные отправлены, вы будете зарегистрированы, при условии успешного прохождения проверки ваших данных.
  • В случае успешной регистрации, Вы получите СМС подтверждение вместе с Пин Кодом   для проведения операций в Элсом. Первичный ПИН код - его нужно будет поменять на свой 4-х значный ПИН-код, который вы должны хранить в строгом секрете.

Важно! Регистрация в системе Элсом совершенно бесплатная. Однако, за некоторые операции проводимые через мобильный кошелек может удерживаться комиссия.

По всем возникшим вопросам, просьба обращаться в офисы ЗАО «ФИНКА Банк» и ЗАО «КИКБ»