рекомендовать страницу


ОТПРАВИТЬ ССЫЛКУ НА ПОЧТУ

Отправить еще



Кыялыңдагыны импроVISAциялоо: KICB акциянын жеңүүчүлөрүн куттуктады! / ИмпроVISAция мечты: KICB поздравил победителей акции! / 05.06.2017

KICBнин башкы кеңсеси майрамдык шаңга бөлөнгөн аянтчага айланды. Анткени,“KICB Visa карты менен кыялыңдагыны орундат!” акциясынын жеңүүчүлөрүн куттуктоо аземи болуп өттү. Банктын ырыскылуу 18 кардары баалуу белектерге ээ болушту. Алардын көпчүлүгү акция өтүп жаткандыгын билбей туруп эле, ага катышып жеңүүчү болуп калгандыгы айрыкча кызыгууну жаратты. Ири сандагы транзакцияларды ишке ашыруу менен KICB VISA картын туруктуу колдонуп келгендер сыйлык ээлеринен болуп калышты. 

Ийгилик карты

KICBнин Visa Electron, Visa Classic, Visa Gold карт ээлери акциянын катышуучусу болгондугун эскертип кетмекчибиз.

Акция өткөрүлгөн мезгил аралыгында  (2017-жылдын 1-февралынан  30 апрелине чейин)   500 сомдон  2000 сомго чейинки суммада эң эле көп сандагы транзакцияларды ишке ашырган 10 катышуучу үчүнчү орунга татыктуу болду. Аларга тиричилик техникаларын сатып алууга сертификаттар тапшырылды.

Экинчи сыйлык – ноутбукка – KICB Visa картын эң активдүү колдонгон кардар ээ болду. Акция учурунда ал 2001ден 5000 сомго чейинки эң көп сандагы транзакцияларды ишке ашырган.

Ал эми эң башкы сыйлык – дүйнөнүн кайсы болбосун жерине эки  адамга жолдомо  Чолпон Турсуналиевагатапшырылды, анын эсебибоюнча 5001 сомдон жогору суммадагы транзакциялар ишке ашырылган.

-Банктан мага телефон чалышып, чет өлкөгө жолдомо утуп алдың деп айтышканда чынымды айтсам, ишенген жокмун!  – деди толкундануу менен Чолпон. – Дароо эле курбу кыздарым тамашалап жатат деген ой келди. Бир четинен ушинтип да тамашалайсыңарбы!–деп аларга кыжырданып да алдым. Акырында келип, бул эч кандай тамаша эмес экендигине ынангандан кийин гана тагдырыма ыраазы болуп, кубандым. Албетте, акция өтүп жаткандыгын укканмын, бирок башкы байгеге татыктуу болом деп ойлогон эмесмин. Жомоктогудай эле жагдайга туш болдум!    

- Жакындарыңыз бул жаңылыкты кандайча кабыл алышты?

- Сүйлөшүп жүргөн жигитиме экөөбүз жакын арада кыдырууга кетебиз деп айтсам, ал да ишенген жок. Ошол учурда ал аэропортто өз рейсин күтүп жаткан экен, муну да мен жакшы жышаана катары кабыл алдым.  

- Жашыруун болбосо, кайда барасыңар?

- ТүштүкАмерикага баргым келет.Көптөн бери ал жакка барууну тилек кылып келгем, бирок мүмкүнчүлүк болгон эмес эле. Европада, Азияда,Америка Штаттарында болгом, бирок Түштүк Америка өлкөлөрүнө бара элек элем. Демек,ошол жакка барабыз го!   

Ушул учурда кимдир бирөө телефон чалып калды…

  KICB акциясынын жеңүүчүлөрүнүн көпчүлүгү үчүн бул жөрөлгө күтүүсүз жана көптөн күткөн кымбат белектен болду. Мисалы, Наиль Аитов жубайы менен үй жайын ирээтке келтирип, жыйнап жаткан учурда акция жеңүүчүсү болгондугу маалымдалган.

- Үйдөгү буюмдарды иретке келтирип, эскилерден арылып жаткан учурда тиричилик техникаларын алмаштыруу тууралуу сөз кылган элек. Бир жылдан бери жаңы муздаткыч ала албай келебиз. Мындай шартта күтүүсүз белекке ээ болуп,  KICB Visa акциясынын жеңүүчүсү болуу «көктөн издегениң жерден табылгандай эле” болду.  Банкка терең ыраазычылыгыбызды билдиребиз.   

Акция жеңүүчүлөрүн дагы бир жолу чын дилден куттуктоо менен  KICBни тандап, ал сунуштаган кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдаланып, бүгүнкүдөй кубанычка бөлөнө беришиңиздерге тилектештигибизди билдиребиз. Дайыма KICB менен ийгиликке жетишип, кубаныч ээсинен боло бергиле!

Маалымат үчүн:

«KICB Visa карты менен кыялыңдагыны орундат!» акциясына 14 миң карт ээси катышып, акция учурунда ишке ашырылган жана катталган транзакциялардын жалпы саны  76 176 жеткен.

 

 

1 орун

Турсуналиева Чолпон Жолдошбековна

2 орун

Арзыкулова Алия Замирбековна

Чешев Антон Вадимович

Касенова Айзада Ишенбековна

Абдыразакова Асель Райымбековна

Приходько Марина Александровна

Толонов Адилет Даниярович

Дюлькеев Александр Иванович

3 орун

Эшеналиев Нурсултан Октябрьбекович

Суракматов Айдар Азизович

Арапбаев Данияр Азаматович

Абдурахманов Хамза Яргубеевич

Максутахунов Ибрахимджан Каримджанович

Максимова Евгения Александровна

Замирбеков Элдияр Замирбекович

Аитов Наиль Максумович

Исхакова Диана Фаритовна

Шаршеналиев Мелисбек Токтукович

 


 

Главный офис KICB на время превратился в праздничную площадку. Здесь чествуют победителей акции «Исполни свою мечту с картой Visa KICB»! 18 самых удачливых наших клиентов получили ценные призы. Любопытно, что многие из них даже не знали о проведении акции. Они просто постоянно пользуются картой VISA KICB, совершая большое количество транзакций. 

Карта удачи

Напомним, что участниками акции могли стать держатели карт Visa Electron, Visa Classic, Visa Gold банка KICB.

Обладателями третьего места стали 10 участников, осуществивших в период проведения акции (с 1 февраля до 30 апреля 2017 года) наибольшее количество транзакций на сумму от  500 до 2000 сомов. Эта десятка везунчиков получила  сертификаты на бытовую технику.

Второй приз – ноутбук – достался семи самым активным пользователям карт Visa KICB. В период акции они осуществили наибольшее количество транзакций на сумму от  2001 до 5000 сомов.

Ну а самый главный приз - путевку на двоих в  любую точку мира – получила студентка Чолпон Турсуналиева, на ее счету оказалось наибольшее количество транзакций на сумму от  5001 сома и выше.

- Если честно, когда мне позвонили из банка и сказали, что я выиграла путевку за границу, я не поверила! – взволнованно говорит Чолпон. – Первая мысль была: подружки разыграли. И вместо радости я испытывала прямо-таки злость! Позвонила подругам и обрушилась на них с претензиями: мол, что за дурацкие шутки! И лишь когда я убедилась, что никакой это не розыгрыш, а правда, тогда только смогла по-настоящему ощутить этот момент и порадоваться. Я слышала о том, что такая акция проводится, но и подумать не могла, что именно я получу главный приз. Это казалось из области фантастики! 

- А как ваши близкие отреагировали на эту новость?

- Когда я позвонила своему молодому человеку и сообщила, что мы едем с ним в путешествие, он тоже сначала не поверил. Кстати, в тот момент он как раз был в аэропорту и ждал свой рейс. Так что это был хороший знак, - улыбается победительница.

- И куда вы отправитесь, если не секрет?

- Хотелось бы посетить Южную Америку. Мы давно хотели поехать туда, но не было возможности. В Европе, Азии, Штатах бывать доводилось, а вот страны Южной Америки пока белое пятно на нашей карте путешествий. Так что отправимся туда! Такая вот получилась удачная импровизация!

И тут зазвонил телефон…

Отрадно, что для большинства победителей акции призы от KICB действительно стали неожиданным и долгожданным подарком. Так, Наиль Аитов, например, узнал о том, что он в числе победителей, когда…проводил вместе с женой генеральную уборку.

- Мы решили избавиться от старых вещей в доме и как раз говорили о том, что хорошо бы нам и бытовую технику обновить. Уже год собираемся купить новый холодильник, да все никак не удавалось это сделать. И в этот момент раздается телефонный звонок и на том конце провода мне объявляют, что я стал победителем акции Visa KICB. Бывают же такие чудесные совпадения! Я очень рад, спасибо большое банку, теперь мы точно купим долгожданный холодильник, - улыбается Наиль.   

Мы еще раз от души поздравляем победителей акции и благодарим за то, что они выбрали для обслуживания KICB. Впереди мы приготовили еще много интересных акций для наших клиентов, где у Фортуны вновь будет шанс выбрать любимчиков. Пользуйтесь продуктами KICB! Пусть удача, везение и благополучие всегда будут на вашей стороне, а деньги – на вашей карте!

Справка

В акции «Исполни свою мечту с Visa KICB» участвовали 14 тысяч картодержателей. Общее количество транзакций, осуществленных и учтенных за период акции, составило 76 176. 

 

1 место

Турсуналиева Чолпон Жолдошбековна

2 место

Арзыкулова Алия Замирбековна

Чешев Антон Вадимович

Касенова Айзада Ишенбековна

Абдыразакова Асель Райымбековна

Приходько Марина Александровна

Толонов Адилет Даниярович

Дюлькеев Александр Иванович

3 место

Эшеналиев Нурсултан Октябрьбекович

Суракматов Айдар Азизович

Арапбаев Данияр Азаматович

Абдурахманов Хамза Яргубеевич

Максутахунов Ибрахимджан Каримджанович

Максимова Евгения Александровна

Замирбеков Элдияр Замирбекович

Аитов Наиль Максумович

Исхакова Диана Фаритовна

Шаршеналиев Мелисбек Токтукович